ЭЛДИК КАБАР: "Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү?" дейт окурман

"Мектепти оңдоп-түзөөгө мугалимдер милдеттүүбү?" деген суроого жооп алгым келет", - деп окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жазды.

Анын айтымында, учурда өлкөдөгү көпчүлүк мектептерде мугалимдер оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышат.

"Өзгөн районунун Куршаб айылындагы мектепте да учурда оңдоо иштери жүрүп жатат, жыл сайын мектептерди оңдоп-түзөө иштери мугалимдерге жүктөлөт. Андан кийин гана каникулга тарайбыз. Бул райондогу бардык эле мектептерде ошондой тартип иштегенин билем. Айрым мугалимдер мындай жумуштарды аткара албай, өздөрүнүн чөнтөгүнөн акча төлөп, башка адамдарга жасаттырат. Мектепти оңдоо иштерин мугалимдердин моюнуна жүктөө туурабы?" - деп жазган окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Bak.taalai
2018-06-11 13:12:05
Ооба ушу маселени чечип беришсе бир кабинетти бир мугалим кылат акилеп сырдап жалгыз. Же эле аки алсачы жаан жаагандай потолокту акилесен куюлат. Мен да нааразымын эмне учун мугалимдер кылыш керек анда ремонтттогонго да мугалимге айлык кылсын да тескерисинче мугалим чонтогунон чыгарат
+4
bond0202
2018-06-11 13:59:36
билим беруу министирлиги жооп берсин чындап эле,жыл сайын ушул корунуш мектептерде
+5
naziman
2018-06-11 14:33:45
байкуш мугалимдерди кыйнашат, болбосо ата-энелерден мектеп директору очойгон акча чогултуп алат ремонтко деп (менин эжем орозо кармайт, азыркы убакта отпускада бирок кудайдын куттуу куну мектепте журот актап, сырдап )
+3
-FREEDOM-
2018-06-11 14:41:45
Бизде деле ошол койгой. Сураныч супер ушул маселе боюнча толук маалымат алып бергилеч.
+2
Bayazet
2018-06-11 16:04:05
Бул ремонт бардык жерде бар эртен бир акылдуу жооп берет андай болгон эмес деп кутолучу ким жооп берет экен
+3
bakulya2015
2018-06-11 17:17:10
Туура мен деле жооп билгим келет. Бирок жылда озубуз кылабыз биз. Эчкандай акча топтолбойт болгону мамилекеттен бир аз керек буюмдар берилет ошо.
+1
nargiz94
2018-06-11 18:30:23
Биздин убакта окуучулар
актап, сырдачык, ата-энелерибиз урушуп эле жатчы, уборщица кылбайбы деп. Мугалимдериьиз олуп калбайсынар кылгыла колунарга жукпайт деп урушчу, азыр ким кылат билбейм
0
Asyl.jazi
2018-06-12 00:03:04
Гороонодон же районодон текшерип келет ремонту жарайбы жарабайбы деп, ага дагы 100 сомдон жыйнашат ремонтту кабыл алсын деп
+5
Bak.taalai
2018-06-12 02:26:37
Asyl.jazi,Туура айтасын келатат келатат дешип эле акча чогултушат. Самарканддан саман учту десе садик менен мектеп сапырылат да. Таза майлыктарын илип полду уборщица баткак суусу менен шыбап
0
Mamiev
2018-06-12 02:04:12
Негизинен ушуларлын айлыгын кобойтуш керек.Президент депутатын да ушул мугалимдерден тарбия алып чоноёт.Аз айлык тологону аз келгенсип жумуш жасатып...
+3
Saidochka
2018-06-12 04:09:04
Супер мен да силерден ушуну суранат элем,ушул суроого жооп алып берсениздер, ремонтту жасап,Аны кабыл алышы учун дагы акча берип,мугалим эле экен балээге калган
+2
janymjamal
2018-06-12 08:51:15
Ошону айтсанар же бир кыйратып краска майда чуйдосун жетишерлик берсе... Анан текшерип келишет кандай болду ремонт деп акча тилеп уялбай текшеруучулор пакет умут кылышып
+2
Ayida
2018-06-12 11:54:22
64 школада ушундай балдардан акча алат 400 500 айына ещё ремонтко 500 анан аны директор кымыйып алатда мугалимдер байкуш жанынан акча коротот
+1
Kulatov
2018-06-12 20:32:46
Ушул суроого жооп берип койгулачы жообун күтө берип саргайып кетмек болдук же ойлонуп бүтпөй жатасыңарбы не деп жооп берсек экен деп
+1
aida007
2018-06-13 14:53:51
Туура бизда жооп кутобуз
0
Rysik17
2018-06-14 16:21:34
Баарыбыз жообун чыдамсыздык менен кутобуз. Биздин уйбулоодо 5 адам мугалим болуп эмгектенишет. Айлык аз, жумуш оор. Ремонт ашыкча жук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан