Чүй облусунда жол кырсыгы болуп, 3 адам жаракат алды

24-июнда саат 19:00 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунда автокырсык болуп 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Сокулук айылында Мерседес үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып, алдындагы Хонда үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Натыйжада Хонданын айдоочусу жана 5, 6, 9 жаштагы 3 бала жаракат алышып, аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан