SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүнө "Таштандыга ыргытылган жумурткалардан чыккан жөжөлөр айылды каптады" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Такталбаган маалыматтар боюнча, аталган видео Грузияда тартылган. Грузиядагы тоок фабрикалардын бири көп сандагы жараксыз деп табылган жумурткаларды таштанды таштоочу жайга ыргытып жиберишкен. Убакыт өткөн соң жумурткалардан жөжөлөр чыгып жакынкы айылга бара башташкан. Айрым интернет колдонуучулар видеодо угулуп жаткан тил грузин тили эмес экендигин жана видео Грузиянын аймагында тартылбаганын айтып чыгышкан.