"Ашыктык асманында" тасмасынын башкы каарманы, испаниялык актёр Марио Касас бүгүн, 12-июнда 32 жашка толду. Ал 1986-жылы Испаниянын Ла-Корунья шаарында төрөлгөн.
Бала чагында болочок актёр спорт менен машыгып, келечекте элге жардамы тийген коргоо кызматкери же өрт өчүрүүчү болгусу келчү. Бирок убакыт өтүп, актёрлук карьера өзү үчүн баарынан маанилүү жана кызыктуу экендигин түшүнө баштайт. 8 жашынан баштап ар түрдүү жарнамалык роликтерге тартылып, өзү үчүн жаңы дүйнөнү – актёрлук чөйрөнү ачат. Ушундан тарта камера менен иштөө ага жагып, актёрлук чеберчиликти ийне-жибине чейин өздөштүрүү максатында актриса, продюсер Кристина Ротанын актёрлук мектебинен сабак ала баштайт. Чыныгы ийгилик Мариого 2006-жылы "Коркпой кыялдануу" ("Мечтать без страха") сериалына тартылгандан кийин келип, ал 18 жашында Испаниянын секс-символуна айланган. Ошол эле жылы өз кумири Антонио Бандерастын "Жайкы жамгыр" ("Летний дождь") тасмасына тартылып, атактуулукка карай дагы бир чоң кадам таштаган.