Польша улуттук курама командасынын футболчусу журналистти сактап калды

Футбол боюнча Польша улуттук курама командасынын оюнчусу журналистти сактап калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Польша улуттук курама командасынын оюнчусу Михаил Падана команданын футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна карата даярдыктары тууралуу интервью берип жаткан учурда журналист кызга жарык берүүчү каражат кулап кеткен. Бирок Падана буту менен жарык берүүчү каражатты тосуп журналист жабыркаган эмес.

Михаил Падананын бул видеосу интернетте кеңири тараган. Көпчүлүк футбол сүйүүчүлөр аны улуттук курама команданын гана коргоочусу эмес, айымдардын да коргоочусу экенин белгилеп билдирүү калтырышкан.

Футболчу Михаил Падана
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Meni_unut
2018-06-12 08:51:04
Ай красавчик
+1
nelya88
2018-06-12 12:21:19
Реакциясы күчтүү экен,молодец!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан