АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Сингапурда жолукту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШ президентинин администрациясына шилтеме берүү менен жазышууда.
Аталган эки өлкө жетекчилеринин жолугушуусу тарыхта биринчи жолу орун алууда.
Эки лидер Сингапурдун Сентоса аралындагы "Капелла" мейманканасында аталган өлкөнүн убактысы боюнча саат 09:00дө жолугушту. "Дональд Трамп менен Ким Чен Ын жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө жолугушууга келип, саат 09:15те иш-чара башталды. Саат 10:00дө эки лидердин жекеме-жеке жолугушуусу аяктады. Учурда 1 жарым саатка пландалган кеңейтилген курамдагы жыйын жүрүүдө. Саат 11:30да Трамп менен Кимдин жумушчу түштөнүүсү болуп өтөт. Саат 16:00дө АКШ лидери маалымат жыйын берет. 18:30да Трамп "Капелла" мейманканасынан чыгып, 19:00дө Пайя Лебар авиабазасы аркылуу Сингапурдан чыгып кетет", - деп айтылат расмий Вашингтондун маалыматында.
Ал эми маалыматтарга караганда, Ким Чен Ын саат 16:00дө Сингапурдан кетет.
Дүйнөлүк басылмалар: "Дональд Трамп менен Ким Чен Ын жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү. Аларды жалгыз котормочу гана коштоп жүрдү", - деп жазышууда.
Эске салсак, эки лидердин жолугушуусу ушул жылдын май айында белгилүү болгон. Аталган иш-чарада Корей жарым аралындагы тынчтыкты сактоо, өзөктүк куралды сыноодон өткөрүүнү токтотуу жана башка дүйнөлүк деңгээлдеги маселелердин талкуулануусу белгиленген.
Буга чейин Ким Чен Ын Түндүк Корея өзөктүк куралын жана континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүүнү токтотуп, өлкө түндүгүндөгү ядролук полигонду жабарын жарыялаган. Ошондон кийин Түштүк Корея, Кытай жана АКШ сыяктуу өлкөлөр менен мамилелешүүгө бара баштаган.
Белгилей кетсек, 27-апрелде Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын лидерлери алгачкы ирет жолугушуп, жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушуудан соң эки тараптын ортосунда тынчтык келишимине келүү жана өзөктүк куралдан арылуу тууралуу макулдашуу болгону жарыяланган.