Германияда Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган кече өттү

Германияда Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган кече өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Германиянын Дрезден шаарында белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Турналардын убадасы" аталыштагы китептин жана сүрөт көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү.

Китептин жана сүрөт көргөзмөнүн ачылышында жазуучу жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле "Турналардын убадасы" китебинин автору, жазуучу Ирмтрауд Гучке Чыңгыз Айтматов менен бирге иш алып барганы тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүп, китептен үзүндүлөрдү окуп өттү.

Иш-чарага келген катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон чоң салымын баса белгилеп өтүштү.

 





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан