"Ювентустун" мурдагы дарбазачысы Жанлуижи Буффон "ПСЖ" клубу менен келишим түзөт

"Ювентустун" мурдагы дарбазачысы Жанлуижи Буффон "ПСЖ" клубу менен келишим түзөт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Буффон жакынкы күндөрү франциялык "ПСЖ" футбол клубу менен келишим түзөт. Маалыматта жазылгандай, Буффон жана футболдук клуб бир чечимге келишкен. Ал эми келишимге кол коюу үчүн айрым жагдайларды макулдашуу гана калган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эки тараптын келишими 2 жылга түзүлүп, дарбазачынын эмгек акысы 7 миллион еврону түзөт.

Эскерте кетсек, Буффон май айында "Ювентустан" кете турганын билдирген. Италиялык клубдун курамына дарбазачы 2001-жылы кирген. 17 жылдын ичинде ал клубдун курамында 655 беттеш өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Meni_unut
2018-06-12 11:03:50
Красавчик
+1
Daniel01
2018-06-12 13:08:57
Чемпиондор лигасын утушун каалайт элем
+3
Jango
2018-06-12 13:17:38
Дуйнодогу эн мыкты дарбазачылардын бир деп эсептеймин
+1
Dembele84
2018-06-12 13:25:16
Карьерамы жыйынтыктайм деди эле,шейхтердин акчасы оюн озгорто койдуго )))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан