Исмаил Исаков: "Эл депутаттарга нааразы болуп жол тоссо, айып пул салабызбы?"
Жогорку Кеңеште “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине
толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорунун Кыргызстанда нааразы болуп жол тоскон элди административдик жазага тартуу жагы каралып, аларга 3000-5000 сом айып салуу жагы каралган. Депутат Исмаил Исаков: "Биз бийликке ошондой жол тосуунун арты менен келгенбиз. Себеби ал кездеги бийликтин туура эмес иштегенинен улам эл нааразы болуп көтөрүлүп чыккан. Биз да начар иштеп, анан эл депутаттарга нааразы болуп жол тоссо, аларга айып пул салабызбы? Анда элдин бетин кантип карайбыз? Эл жөн жерден жол тоспойт, чоң көйгөйү болгону үчүн чыгат жол тосууга",- деди. Башка депутаттар да бул мыйзамдын кереги жок экенин айтышып, мындай жол менен элдин укугун тепселип каларын билдиришти.