Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарына даярдануу максатында Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Кыргыз балбандар 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярданууда. Эркин күрөш боюнча Кыргыз курамасы окуу-машыгуу жыйындарын 9-30-июнь аралыгында Ысык-Көл облусунун Комсомол айылындагы “Аврора” пансионатында өткөрүүдө. Башкы машыктыруучу Руслан Мажиновдун алдында 12 спортчу машыгууда. Алардын арасында эмгек сиңирген спорт чебери Эламан Догдурбек уулу, эл аралык даражадагы спорт чебери Улукбек Жолдошбеков жана башкалар бар.
Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы:
57 килограммга чейинки салмак ченинде:
Алибек Ташматов - спорт чебери;
Кубанычбек Таштанбеков - спорт чебери;
61 килограммга чейинки салмак ченинде:
Улукбек Жолдошбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Азамат Кенжебек уулу - спорт чебери;
65 килограммга чейинки салмак ченинде:
Алибек Осмонов - спорт чебери;
Нургазы Абдразаков - спорт чебери;
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
Эламан Догдурбек уулу - эмгек сиңирген спорт чебери;
Ислам Орозбеков - спорт чебери;
74 килограммга чейинки салмак ченинде:
Адилет Анарбеков - спорт чебери;
Бекжан Жамбулов - спорт чебери;
86 килограммга чейинки салмак ченинде:
Бактияр Карагул уулу - спорт чебери;
Чыңгыз Керимкулов - спорт чебери;
Башкы машыктыруучу - Руслан Мажинов;
Ага машыктыруучу - Сүймөнкул Таабалды уулу.