Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Москва шаарына барат. Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков 14-июнда футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин ачылыш аземине катышмакчы.
Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо өтөт, анда дүйнөнүн 32 мыкты командасы күч сынашат.