Легендарлуу футболчу Пеле Дүйнө чемпиондугунун ачылышына катышпайт

Легендарлуу футбол жылдызы Пеле (чыныгы ысымы Эдсон Арантес до Насименто) футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун расмий ачылышына катышпайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, буга Пеленин ден соолугунун начардыгы себеп болууда.

"Бразилиянын футбол конфедерациясынын вице-президенти Фернандо Сарнинин айтымында, Пеле Орусияга өткөн жекшемби күнү кечинде учуп келмек. Бирок өзүн начар сезгендиги үчүн Бразилияда калууга мажбур болду", - деп жазышты басылмалар.

Буга чейин Пеленин 11-июнда Москва мамлекеттик университетинде студенттер менен жолугушуусу пландалып, кийин чемпионаттын ачылышына катышуусу күтүлүп жаткан. Учурда ага байланыштуу иш-чаралардын баары жокко чыгарылды.

Эске салсак, 2017-жылдын аягында Пеле Москва шаарына келип, Дүйнө чемпиондугунун чүчү кулак тартуу иш-чарасына катышып кеткен. Аталган дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук иш-чара 14-июндан 15-июлга чейин Орусиянын 11 шаарында болуп өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан