Нигериялык жаран атасын жол тандабас унаага салып көмдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Азубуике аттуу нигериялык жаран өзүнүн атасын табыттын ордуна жол тандабаска салып көмгөн. Ал бул үчүн BMW үлгүсүндөгү автоунааны 6 миллион 600 миң сомго сатып алган. Азубуике атасынын көзү тирүү кезинде эле ага автоунаа сатып берүүнү убада кылган, бирок жетишкен эмес.
Маркумду акыркы сапарга узатуудагы сүрөттөр интернетте кеңири тарап көптөгөн талкууларды жараткан. Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул көрүнүштү сынга алып адамды көзү тирүү кезинде барктай билүү керек экендигин жана мындай чоң суммадагы акчага келген унааны жерге көмүү бул акылга сыйбаган жорук деген ойлорун айтышкан.