Кечээ, 12-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусунан кийинки кол койгон келишим документинин негизги мазмуну белгилүү болду.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар: "Түндүк Корея өзөктүк куралдан биротоло баш тартуу үчүн бар күчүн жумшайт. АКШ бул иште Пхеньянга колдоо көрсөтүп, бул мамлекеттин коопсуздук кепилдиктерин моюнга алууга убада берди", - деп жазышты.
Анткен менен эки президент кол койгон корутунду келишимдин толук нускасы жарыяланган жок. Келишимди жүзөгө ашыруу үчүн жакын арада эки өлкөнүн делегациясы жолугушуу өткөрүүгө тийиш экени айтылган.
Дональд Трамп жолугушуу жемиштүү болгонун айтып, буларга токтолгон.
“Биз өтө маңыздуу келишим документке кол койдук. Муну бардык тармакты өзүнө камтыган документ деп атоого болот. Бул үчүн биз көп жумуш аткарып, бир аз тер төктүк. Натыйжасы биз күткөндөн да ашып түштү. Адегенде Ким Чен Ынга калкынын келечеги үчүн маанилүү кадам жасаганына ыраазычылыгымды билдирем. Эки өлкө ортосундагы жаңы карым-катышты баштоого жол ачып, мындан ары тарыхтын жаңы бетин ачууга даярбыз. Өткөн иштер келечекке кедергисин тийгизбөө керек. Ошондой эле жолугушууну өткөрүүгө көмөктөшкөн бардык тарапка алкышымды билдирем”, - деди АКШ президенти.
Ал эми Ким Чен Ын муну тынчтыкка карай жол деп баалап, мындан ары эки өлкөнүн карым-катышы жакшырарына ишеним артарын жашырган эмес.
"Биздин тарыхый жолугушуу маңыздуу болду. Эки тарап тең өткөн тарыхты артка калтырып, жаңы мамиле орнотуу үчүн келишимге кол койдук. Мындан ары дүйнөдө олуттуу өзгөрүү болот. Мен президент Трампка ушул жолугушуу үчүн ыраазычылыгымды билдирем”, - деди Ким Чен Ын.
Аталган тарыхый саммиттин жыйынтыгына дүйнө эли назар салып, бир нече өлкө саясатчылары өз ойлорун билдирди.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин бул жолугушууну “улуу жеңиш” деп баалап, карым-катышты мындан ары өнүктүрүү максатында өз тарабынан кандай көмөк керек болсо аябай турганын маалымдады.
"Мен Түндүк Корея менен АКШ президентинин ортосундагы тарыхый самиттин ийгиликтүү өткөнүнө кубанычтамын. Эки өлкөнүн мамилеси мындан ары оң багытта кетиши үчүн биз тараптан кандай көмөк керек болсо, баарын жасоого аракет кылабыз", - деди Түшүк Корея президенти.
Япониянын премьер-министри Синдзо Абе бул жолугушуунун маңызына токтолуп, мындан ары Корей жарым аралындагы көйгөйлөр жолго салынат деп атады.
"Бул тарыхый саммиттеги келишимдин жыйынтыгынан көп натыйжа күтөбүз. Эки өлкө башчысынын мындай кадамы жаркын келечекке жол ачарына үмүт артам. Түндүк Корея эли жетиштүү жашоодо жашай алууга толук мүмкүнчүлүгү бар, болгону туура жол тандашы керек", - деди Синдзо Абе.
Ал эми Кытайдын тышкы иштер министри Ван И бул саммит боюнча өз пикирин билдирип, “дүйнөлүк абалга таасир эте алган маанилүү прогресс” деп баалады.
"АКШ менен Түндүк Кореянын бири-бири менен тил табыша албай жоолашып келгенине жарым кылымдан ашты. Ал эми баарыбыз күбө болгон саммит тарыхтын жаңы беттерине жазылды. Кытай мамлекети бул келишимди толугу менен колдойт. Ошону менен бирге өзөктүк курал маселесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюлган келишимден сырткары жаңы механизмдер иштелип чыгууга тийиш деп эсептеймин", - деди Ван И.
Эске салсак, тарыхый саммит кечээ, 12-июнда эртең менен Сингапурдун Сентоса аралындагы Каппелла конок үйүндө өткөн. Эки мамлекет башчы бири-бири менен кол алышып учурашкан соң, сүрөткө түшүшкөн. Андан соң атайын бөлмөгө барып эки котормочунун катышуусу менен 45 мүнөт баарлашышкан.