Милиция кызматкерлеринин арасындагы "Динамиада-2012" турнири аяктады
Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата ИИМ командалары арасында өткөн "Динамиада-2012" турнири аяктаганын бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 4 күндүн ичинде 7 команда гиря көтөрүү, кол күрөш, шахмат, канат тартышуу, волейбол жана улуттук ордо оюндары боюнча байгеге ээ болуу үчүн ат салышты.