Коңшу Казакстанда менингококк инфекциясы менен жабыркагандардын саны өсүп жатат. Жыл башынан бери аталган дарттан 12 адам каза болгон. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине таянсак, менингит менен жабыркагандардын саны акыркы жылдары 2 эсеге азайган.
Акыркы күндөрү интернетте Кыргыз жергесинде дагы 2 бала менингит оорусунан көз жумгандыгы тууралуу маалымат тарап кызуу талкууга алынган.
"Өлкөдө менингококк инфекциясынан жабыр тарткандардын саны туруктуу, эч кандай кооптуу абал жок. Ал эми көз жумган 2 бала тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт", - дейт министрликтин басма сөз кызматы.
Менингит эмнеден пайда болот?
Аталган дартты бактериялар менен вирустар жаратып, бейтап менен кол алышуу, өбүшүү аркылуу жугат. Оорулуунун чүчкүрүгү, шилекейи, колдонгон буюмдары, суусу, тамак-ашы аркылуу жуккан учурлар да кездешет. Эпидемиялык убагы февраль менен апрель айынын аралыгы. Бул мезгилде аба ырайынын туруксуздугунан суук тийгизип алуу оңой болгондуктан оорунун жайылышына шарт түзүлөт. Менингитти убагында дарылабаса, адам өлүп да калышы мүмкүн.
Менингиттин белгилери:
Менингит оорусу жүлүндүн суюктугунан аныкталат
Менингитти так аныктап алуу үчүн пункция жасалат. Пункция деп шприц аркылуу жүлүндөн суюктукту сордуруп алууну айтат. Суюктук сордурулган соң лабораториядан текшерилип, менингитти козгогучтардын бар же жок экендиги аныкталат. Бейтап өз убагында кайрылып, так диагнозу аныкталса, дартты өз учурунда дарылап алса болот. Тескерисинче, оорулуу өз алдынча дарыланып, ооруканага барбай койсо каза болуп калуу коркунучу бар экенин дарыгерлер айтып келишет. Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнөн бирөө менингитке кабылса, анда үйдөгүлөрдүн баары текшерүүдөн өтүп эмдөө алганы оң.
Менингиттен сактануунун жолдору:
Эмдөөнү өз убагында алып жана жөнөкөй эрежелерди сактасаңыз менингит оорусунан жабыр тартып калуу мүмкүнчүлүгү азаят.