Кыргызстан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга ылайыкталган арабанын ар бирин 130 доллардан сатып алат

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин "Цинбо" компаниясы менен түзгөн келишиминин негизинде Кыргызстан 2007-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн керектүү арабалардын ар бирин 130 доллардан сатып алып келет. Бул тууралуу Республикалык протез жана ортопедия мекемесинин башчысы Утан Жунушев билдирди. "Мындай арабаларды өндүрүүчүлөр менен кызматташуу демилгеси 2006-жылы эле көтөрүлгөн. 2007-жылы жогоруда аталган компания менен келишим түзүлүп азыркы убакытка чейин чогуу иш алып келе жатабыз. Кубандыра турган нерсе, сөз болуп жаткан компания бизге азыркы убакка чейин андай арабаларды кымбаттатпай, бир баада берип келүүдө",- дейт Жунушев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан