ФИФА Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктан 6 миллиард доллар киреше табат

ФИФА Орусияда өтө турчу футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктан 6 миллиард доллар киреше табат. Бул тууралуу АКШлык The New York Times басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Орусияда эртең баштала турчу Дүйнөлүк чемпиондукта ФИФА рекорду 6 миллиард доллардан ашык киреше табат. Бул каражат эл аралык футбол федерациясы пландагандан 10 пайызга жогору.
Белгилүү болгондой, 2014-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө биринчилигинде федерация 4 миллиард доллардан ашык каражат тапкан. ФИФА оюндарды чагылдырып берүү укугун саткандан эле 3 миллиарддан ашык киреше тапкан. Мындан сырткары федерация 1 миллиарддан ашык каражатты демөөрчүлүк келишимдерден табат.
Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө биринчилиги 14-июнда башталып 15-июлга чейин өтөт. Анда 32 курама катышат. Оюндар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Muslim_KGstana.
2018-06-13 16:13:18
КРдин карызын төлөп берип койгулачы деш керек экен
+1
Rasul94
2018-06-13 16:17:38
Россия сонун мамлекет да.онуккон мамлекетке ушундай кирешелер келе берет.баардык жагы топ келген эхх Россия Россия бир боор энем......
-5
Valley.of.the.Wolves
2018-06-13 16:24:04
Rasul94, "Россия" эмес ФИФА 6 миллиард доллар киреше табат. Жакшы окусан.
+2
Rasul94
2018-06-13 17:48:41
Valley.of.the.Wolves,Россия мамлекетинин казынасына деле эртеге тоодой киреше тушору анык.мен ошол жагын айттым
-1
fantomas
2018-06-13 18:43:57
Россия бул дуйнолук футбол чемпионатын откоруу учун 360 миллиард рубль акча сартпады... Ал эми эксперттер Россиянын бул чемпионаттагы кирешеси, чемпионатты откорууго жумшалган акчанын 1/10 экенин айтышууда...

Кана эми, эмне дейсинер, билип билбей Россия кыйратты дегендер?!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан