Жыл башынан бери Кыргызстанда 35 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 19 адам, Ош облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2, Баткен облусунда жана Бишкек шаарында 1 киши сууга чөгүп кеткен.