Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2026 кайсы өлкөдө өтөрү белгилүү болду. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Москвада Эл аралык футбол федерациясынын 68-конгресси өттү. Анда 2026-жылы чемпиондук АКШ, Мексика жана Канадада өтөрү аныкталды.
Турнирдин дароо 3 өлкөдө өтүүсү биринчи жолу пландалып жатканы белгиленген.
"Марокко да чемпиондукту өткөрүүгө өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми АКШ, Мексика жана Канада спорттук таймашты өткөрүү боюнча биргелешкен арызын берген. Ачык түрдө добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биргелешкен өкүлдөргө "макул" деген 134 добуш берилген", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Мароккодо өтүүсүнө добуш берүүгө катышкандардын 65и "макул" болгон. Бир катышуучу "баарына каршы" добушун берген.
"Бизде жеңүүчү бар. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2026 АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Мароккодон келген делегацияны да эң сонун аракет, иштери менен куттуктагым келет. Ошондой эле бирдиктүү арыз ээлерин да куттуктайм", - деген Футбол боюнча эл аралык федерациянын президенти Джанни Инфантино.
Буга чейин Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2022 Катарда өтө тургандыгы белгилүү болгон.