18-кылымда Цин династиясынын тушундагы Кытай императору Цянь Лундун заманында жасалган фарфор кумура Париждеги Сотбис (Sotheby's) аукционунда 16 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындай аукцион Францияда буга чейин болгон эмес. Мындан улам аукцион рекорддук көрсөткүчтү жаратты деп айтылууда.
Кумура сунушталган баасынан 20 эсе кымбат сатылды. Эң кызыгы ал Франциядагы үйлөрдүн биринин чатырындагы бут кийим салынган кутудан табылган. Узундугу 30 сантиметрге жеткен кумуранын сыртында бугунун, куштун жана дарактын элестери түшүрүлгөн.
Аукционду уюштуруучулардын маалыматында, бул кооз буюм кытай менен япон маданияты батышта мода болуп турган XIX кылымда Францияга алынып келген. Анын мурунку ээси 1947-жылы каза болгону аныкталган. Ал эми жаңы ээси өзүнүн ким экенин айтуудан баш тарткан.