Бүгүн, 14-июнда Орусиянын Москва шаарында спорт дүйнөсүндөгү эң ири иш-чаралардын бири болгон футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат.
Орусиянын аймагында өтүп жаткан 21-Дүйнө биринчилиги Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда башталат. Биринчиликтин эң алгачкы беттеши Сауд Арабия жана талаа ээси болгон Орусиянын улуттук курама командаларынын ортосунда болот.
Чемпиондукта жалпысынан 8 тайпага бөлүнгөн 32 улуттук курама команда ат салышат, биринчилик 1 айга созулуп акыркы финалдык оюн 15-июлда болуп өтөт. Иш-чаранын ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Ал эми алгачкы беттеш ачылыш аземинен кийин орун алат.
Дүйнөлүк букмекердик ишканалар жана спорт серепчилеринин алдын ала берген маалыматтары боюнча, бул чемпиондуктун эң алдыңкы командалары Бразилия, Германия, Франция жана Португалия экени айтылууда.