14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы 2017-жылы аткарылган иштер боюнча отчёт берди.
9:35. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасап баштады. Ал былтыр өкмөт жасаган иштер тууралуу айтып берүүдө.
9:45. Абылгазиев: “2017-жылы пенсиянын көлөмү 6,4 пайызга өсүп, орточо пенсия 5412 сомду түздү. Билим берүү тармагына каражат 33 миллиард сом бөлүндү. 77 мектепти интернет тармагына коштук. Таза суу боюнча 7 макулдашууга кол коюлду. Бюджеттин эсебинен 12 айыл таза суу менен камсыз болду. Ипотекалык насыянын пайызы 10-12ден 8-10 пайызга чейин азайтылды. 345 чакырым асфальт жол салынды”.
9:50. Абылгазиев: “2017-жылы мигранттардан 2,4 миллиард доллар которулду. 2016-жылкы көрсөткүчкө салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү. "Манас", "Ош" аэропортун модернизациялоого 1,1 миллиард сом каражат жумшалды. Чек арадагы 4 пунктту реконструкциялоого 144 миллион сом каржыланды. Кыргыз-Орусия өүктүрүү фонду тарабынан 822 долбоорду колдоого 311 миллион доллар каражат бөлүндү. Былтыр 3 миң 339 өзгөчө кырдаал катталды. Өрттөрдүн чыгымы 1 миллиард сомду түздү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен 65 миң 500 камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 6 эсе көп”.
9:55. Абылгазиев: “Мамлекеттик чек ара боюнча Өзбекстан менен 1170 чакырым боюнча келишимге кол коюлду, 15 пайызы калды. Тажикстан менен 60 пайыз чек ара такталып, 585 чек ара сызыгы даярдалып бүттү. "Русгидро" менен түзүлгөн 37 миллион долларлык келишим боюнча Кыргыз Республикасын карыз кылып, азыр да чечилбей турат. Кийин "Лигласс" менен келишим түзүлдү, ал да токтотулду. “Альфа-Телекомду” сатуу боюнча Елена Нагорнаянын арызы каралып, сүйлөшүүдөн баш тартылган”.
10:00. Өкмөт башчы: “Кыргыз-Казак чек арасында 2017-жылдын октябрь айында чектөөлөр киргизилди. Мындан ишкерлер чыгашага кептелди. Бажы системиндеги коррупция иштеринин да бети ачылып жатты. Күйүүчү май боюнча 148 мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул багытта да иштер солгун болду. Жол куруудагы коррупциялык иштер ишти кечеңдетти. Өткөн жылы президенттик шайлоо болду. Биометрикалык каттоодон 3 миллиондон ашык жаран өттү”.
10:20. Өкмөт башчы баяндамасын жасап бүтүп, сөзүн аяктады.
10:23. Депутат Максат Сабиров бир ай иштеген жаңы өкмөткө бере турган суроолор жокко эсе деген пикирин айтты. "Жаңы өкмөт иштесин. Ар бир фракциядан эки мүчөдөн сүйлөсүн. Ошо менен жыйынтыктайлы", - деп сунуштады Сабиров.
10:30. Депутаттар Сайдулла Нышанов, Жанар Акаев Максат Сабировдун суроо-жоопко чектөө коёлу деген сунушуна каршы чыгышты. “Жакында Грузиянын премьер-министри отставкага кетти. Адилетсиз, талкуулана турган өкмөт менен маселе жокпу? Чек койбойлу. Өткөндө Сапар Исаковду да ошенткенсиңер. Өкмөттү жаман үйрөтүп алабыз. Мен да саат 16:00гө чейин суроо-жооп болсун деп сунуштайм”, - деди Акаев.
10:32. Депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөткө кайрылып: "Сиз 50 пайыз отчёт берип, 20 пайыз сыныңызды айттыңыз. 30 пайыз программаңызды тааныштырып салдыңыз. Сиз парламентте биринчи жолу отчёт берип жатасыз. Саат 16:00гө чейин суроо берсек туура эле болот. Сунуштарды добушка коюп, чечип салалы", - деп айтты.
10:34. Депутат Максат Сабиров: "Өкмөттү кетирсек, азыр кетирели. Баары бир суроо берип туруп эле "канааттандырарлык" деп кабыл алып коёбуз. Абылгазиев 8 ай вице-премьер болуп турган. Азыр эми жакшынакай отчётту угалы деп жатабыз. Биз башынан ишти туура эмес кылганбыз. Отчёт буга чейин эле кабыл алынган да. Парламент чечип алалы. Кааласанар сунушумду кайтарып алам".
10:35. Депутат Каныбек Иманалиев: "Эң чоң жыйын ушул жерде - Жогорку Кеңеште. Отчётту кабыл алып бүткөнбүз. Бирок маалымат алуу үчүн болсо да суроо берели да. Регламент боюнча уланта берели. Бюджетти бекитип жатканда, отчётту угуп жаткандагы жыйын сөзсүз өтүшү керек. 145 миллиард сомдун, 6 миллион адамдын тагдырын эл билсин".
10:37. Депутат Иса Өмүркулов: "Мурунку өкмөт саясий мотив менен кетти. Азыркы соттук иштер да ошол боюнча болуп жатат. Мен жыйынды уланта берүүнү сунуштайм".
10:40. Депутат Исхак Масалиев: "Бүгүн биз отчётту карашыбыз керек. Маалыматта "өкмөттүн" эмес "премьер-министрдин" отчёту деп турат. Азыр "2" деген баа коюп койсок да эч нерсе эмес. Бул Абылгазиевге тиешеси жок, азыркы өкмөттүн курамы отставкага кетпейт. Коркпой уланта берели".
10:55. Спорт, дене тарбия жана жаштар агенттигинин директору Канат Аманкулов: “2017-жылы спорт боюнча Кыргыз курама командасы 700дөн ашык медаль алып келди. Ачык асман астындагы оюндарда 57 мамлекеттин арасынан мамлекетибиз 17 медаль алып, 10-орунга жетти. Азия оюндарынан 70 медаль алып келди. Манас оюндарын өткөздүк. 2019-жылы машыктыруучулардын айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт”.
Премьер-министр өлкөдө 2261 мектептин 1029унда гана спорт зал бар экенин кошумчалады.
10:58. Депутат Акылбек Жамангулов: “Мегаком” боюнча убактылуу депуттатык комиссия түзүлдү. Бизге тийиштүү документтер берилбей жатат. Компанияда 1500 киши иштейт экен. "Мегакомдун" жетекчилигиндеги 10 кишинин айлыгы 20 миң долларга чейин жетет экен. Ушу маселени көзөмөлгө алып, бизге маалымат берип койсоңуз”.
Премьер-министр: “Бул маселе боюнча 2 чоң чогулуш өткөрдүм. Сиз айткан көрүнүштөр бар. Мен да "кайсы критерий менен мындай чоң айлык коюлду" деп сурадым. Муну Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду чечет экен. Биз муну жакында чечебиз”, - деп жооп берди.
11:02. Депутат Курманкул Зулушев: “Улуттук энергетикалык холдингди" эмне кыласыз? Ушул тармактын көйгөйү чечилеби?” – деп суроо берди.
Абылгазиев: “Бул мекеме көйгөйдөн алаксытуу үчүн түзүлүп калганын байкадым. Ачык айтайын, татыксыз, ишин билбеген жетечкилерди ошол жакка жиберет экен. Биз азыр "Энергохолдингге" таза иштеп жургөн 2 адамды алып бардык. Азыр кандай структура кылабыз, ойлонуудабыз. Көпчүлүгү Энергетика министрлиги кылып түзүүнү сунуштап жатат. Муну кошо талкуулап, бир чечимге келели”.
11:06. 15 мүнөттүк танапис жарыяланды.
11:25. Танапис аяктап, жыйын уланды.
11:30. Депутат Иса Өмүркулов: "Өлкөдө 1130 мамлекеттик ишкана бар экен. Анын иштеп жаткан ишканалардын саны - 98. Анын 40тан ашыгы киреше алып келет. Кара-Балтада арак заводу киреше алып келбей жаткандардын катарында экен. Эмнеге мындай?" - деп сурады.
Премьер-министр ал заводду жеке менчикке сатыш керектигин айтты. "Мамлекет алкоголдук ичимдиктерди өзүнө толук алыш керек же биротоло жеке менчикке өткөрүш керек", - деп жооп берди Абылгазиев.
11:35. Депутат Бакыт Төрөбаев облустарда көп кабаттуу үйлөр аз курулуп жатканын айтты. Ошол маселени карап чыгууну премьерден суранды.
Өкмөт башчы: "Эгер аймакта башкы кеңсени ачып, ошол жакка банк барса, салыктан жеңилдик беребиз деп айттык. Банк барса, акча да көбөйөт. Жер боюнча жеңилдик беришибиз керек. Салык жагынан жардам берсек деп турабыз", - деп жооп берди.
11:40. Депутат Зиядин Жамалдинов: "Президент Кытайда электр-унаа заводун куралы деп сунуштап келди. Бишкекте экологияны карай албай калдык. Азыр 9 миң сомдук дарактарды тигип жатабыз. Башка дарактар куурап жатат. 5-6 жылдан бери ушул абал".
Премьер-министр чара көрүлөрүн айтты.
11:45. Депутат Сайдулла Нышанов Коргоо комитети сыяктуу маанилүү комитеттерди министрлик кылуу боюнча премьердин оюн сурады. Өкмөт башчы бул маселени карап чыгып, сунуш киргизебиз деп айтты.
Нышанов милиция бөлүмүндө бычакталган Буралай боюнча эмне үчүн министрдин орун басарлары иштен алынбаганын сурады. Премьер-министр бул маселе өкүнүчтүү болгонун айтып, милициянын шалаакылыгы болгонун эскертти. "Министрдин орун басарларын иштен алуу каралууда. Кеңешип жатабыз", - деди премьер.
11:50. Депутат Мирлан Жээнчороев күйүүчү майдын кескин кымбаттап кеткенин айтып, себебин сурады.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 80 пайыз май сырттан келерин айтып, дүйнөдө да күйүүчү май кымбат болуп жатканын билдирди. "Күйүүчү май боюнча Орусиядан көз карандыбыз. Күйүүчү майды алып кирүү боюнча 6 компания монополист болуп эсептелет. Алар менен арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди вице-премьер.
11:55. Депутат Мирлан Жээнчороев премьер-министрге: “Баткен менен Таласта СИЗО жок. Кармалгандарды Бишкекке же Ошко алып барат. Акча бөлүп берилген. Бул маселени да карап чечсеңиз. Күч органдарына кызматтык үйлөрдү салып берүү керек”, - деди.
Премьер-министр Абылгазиев маселе сөзсүз карап чыгарын билдирди.
12:00. Депутат Данияр Аттокуров: “Кумтөр ИДПнын 6,8 пайызын берген. Сиз "Кумтөр" боюнча эч нерсе айткан жоксуз. Муну айрымдар саясий маселелерде колдонууда. Ал жерде 5 миңдей адам иштейт. Бул долбоор боюнча Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюшубуз керек”.
Премьер-министр депутатка: “Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. “Центерра” компаниясы оюбузду укту. Экология, социалдык маселелер боюнча маселелелрди айттык. Бул боючна жакында силерге маалымат берилет”, - деп жооп берди.
12:30. Депутат Данияр Аттокуров Ысык-Көл облусундагы курулуп жаткан жолдор боюнча сурады.
Ага транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов: “Балыкчы-Корумду жолу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Балыкчыдан Чырпыктыга чейин иштер бүтөт. Ага акча берилген”, - деп жооп берди.
12:35. Депутат Тазабек Икрамов: "Эйр Кыргызстан” компаниясын банкрот кылып жаткан адамды кармап отурасыңар. Карыз кылгандарды, самолётторду талкалагандар иштеп жатат”, - деп нааразычылыгын айтты.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча эскертүү берилгенин айтты. Ал эми премьер-министр компаниянын жетекчилиги боюнча иш алып барыларын билдирди.
12:40. Депутат Каныбек Иманалиев: “Коргоо комитетинде канча аскердик тик учак бар? Буга чейин 6 тик учак бар, алардан экөө иштебейт. Экөөнү Америкадан, экөөнү Орусиядан жардамга алганбыз. Жарактуусун согуш болуп турган Сомалиге ижарага бергени турат. Мындан беделибизге доо кетти. Орусиядан алып, согуш болуп жаткан өлкөгө берүүгө акыбыз жок. Президенттик администрация Нариман Түлеевдин гараждарын өздөрүнө алыптыр. Алар же ижарага алып же сатып алыш керек эле”.
Премьер-министр: “Гараждар, тик учактар боюнча териштирейин. Сөзсүз туура жакка чечиш керек”, - деп жооп берди.
12:50. Депутат Аида Касымалиева: “Мамлекеттик кызматтарда аялдардын саны азаюуда. Нормалар бар. Бирок алар иштебей жатат. Конкреттүү кандай чаралар көрүлөт?”
Премьер-министр райондук администрациялардын, министрликтердинсоциалдык блогун сөзсүз аялдар жетектеши керектигин белгиледи.
Андан соң Касымалиева: “Сиз аким орун басарлары айымдар болуш керек дедиңиз. Акимдерди да аялдардан койсок жакшы болмок. Мына Сузак районунун акими аял, ал орун басарын кызматтан алып жатыптыр. Ал 33 жыл ошол жерде жакшы иштеген экен. Өкмөттүн аппаратынын 28 пайызын аялдар түзөт экен. 400 айыл өкмөттүн 16сын гана аялдар башкарып жатат”, - деп кошумчалады.
Өкмөт башчы бул багытта иш аракеттер көрүлөрүн айтты.
12:54. Депутат Руслан Казакбаев: “Вице-премьерлердин бири да экономиканы билбейт. Бул багытка кантип жооп бересиз? Кыйналып калбайсызбы?” - деп өкмөт башчыдан сурады.
Премьер-министр бул багытты өз жоопкерчилигине аларын айтты. Буга чейин да өкмөттө экономиканы тескеген кесипкөй кадр жок экендиги сынга кабылган.
12:58. Депутат Руслан Казакбаев мектептерге Манас таануу жана дин таануу сабагы киргизилүүсүнө кызыкты. Билим берүү жана илим министринин орун басары: “Мектепке киргизүүчү дин жана диндин тарыхы сабагы текшерүүдөн өтүүдө. Манас боюнча адабият сабактарынан берилүүдө. Университеттерде Манас таануу сабагы бар”, - деп жооп берди.
13:04. Депутат Төрөбай Зулпукаров: “2017-жылы канча жумуш орун түзүлгөн?” - деп өкмөттөн сурады.
Премьер министр: “4 миң 553 жумуш оруну 500гө жакын мекемеде ачылган. 2017-жылдын алгачкы 8 айында эң жакшы иштер аткарылды. Жыл жакшы жыйынтыкталышына ошол мезгилдин салымы чоң”, - деп жооп берди.
13:06. Бир сааттык танапис жарыяланды.
14:06. Бир сааттык танапис аяктады.
14:20. Депутат Алмазбек Эргешов аймактарда мектептердин спорт залдары, маданият үйлөрү жок экенин айтып, бул багытта ишти жакшыртууну суранды. "Биз, депутаттар, кат жазгычка, силер жооп жазгычка айланып калдыңар", - деди Эргешов.
Премьер-министр чара көрүлөрүн билдирди.
14:30. Депутаттар премьер-министрден экономиканын кайсы багытында иш алып барарын сурады.
Премьер-министр Абылгазиев: “Айыл чарба багытында иштерди аткарсак болот. Тоо-кен тармагы, жеңил өнөр жай тармагы да маанилүү. Бизде туризм саясаты да жок. Ошол тармактарда алгылыктуу иштерди жасоону пландап жатабыз”, - деп жооп берди.
14:58. Депутаттар тарабынан көрүстөн соодасын токтотуу талабы коюлду жана баасы өтө кымбат болуп жаткандыгы айтылды.
Премьер-министр: "Бул маселе бардык жерде айтылып жатат. Албетте, көйгөйлөр бар. Сөзсүз чечебиз", - деди.
Депутат Жанар Акаев: "Көрүстөндөрдү сатуу боюнча иликтөөлөр да жасалды. Чубак ажы да туура эмес иш деп какшап айтып жатат. Азыр баары талкуулоодо. Азыр иликтөө жасаган журналистти коркутуп жатышыптыр. Ушуну жолго салыңыздар", - деп айтты.
15:04. Депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Экс-президент Алмазбек Атамбаев жакында камактагы мурунку жетекчилер боюнча кайрылуу жасады. Силердин ошол боюнча кийинки кадамыңар кандай болот?" - деп сурады.
УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Максат Эсенбаев: "Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп кыскача жооп кайтарды.
Абдылдаев: "Сөздүн төркүнүн түшүнбөйсүңөрбү? Ал киши (Алмазбек Атамбаев – ред.) көп нерсени өз жоопкерчилигине алып койду. Ошол боюнча силердин кадамыңар кандай болот деп жатам", - деп кайра суроо менен кайрылды.
Буга жооп катары маселеге укук талаасы алкагында гана чара көрүлөрү айтылды.
Абдылдаев бул жалпылап эле айтылган жооп экенин айтып, бул жыйынга башкы прокурор келсе туура болмок экенин эскертти.
15:30. Депутат Исхак Масалиев Өзбек-Кыргыз чек арасы эмне болуп жатканын сурады.
Премьер-министр: “Чек аранын 15 пайызынан сырткары баары аныкталды. Орто-Токой аймагы боюнча да жакында кол коёбуз. Ал жердеги айрым Өзбек жарандары Кыргыз жарандыгын алабыз деп жатыптыр”, - деп жооп берди.
Масалиев: “Баткенде жакында эле курал менен биздин аймакка Тажик аскерлери кирген. Бул маселе эмне болду?”
Абылгазиев Тажикстан тараптан мыйзам бузуу болгонун айтты. “Курал колдонбоо боюнча келишим түзүлдү. Жакында эле эки өлкөнүн жарандары бирге ооз ачышты”, - деди премьер.
Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев ал окуяда чек ара бузуу эмес, режим бузуу болгонун айтты. “Тажик аскерлерин сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин тапшырып бердик. Ал жер такталбаган аймак эле”, - деди Шаршеев.
Масалиев Чек ара кызматынын башчысы мыйзам бузган болушу мүмкүн экенин айтып, башкы прокурор ишти карап чыгышы керектигин кошумчалады.
16:00. Депутат Иса Өмүркулов өлкөдө тендер жакшы болбой жатканын айтты. “Айыл өкмөттөр эмне алса да тендер өткөрүшү керек экен. Тендер жакшы иш болбой жатат. Тендер менен жол курса да, имарат курса да урап, жок болууда. Медицинада диагностикалык аппарат жоктугунан элибиз кыйналып жатат. Аймактардагылар Бишкек менен Ошко алып келүүгө мажбур болууда”.
16:10. Депутат Жыргалбек Турускулов өкмөт башчыга кайрылып: "Иштей албаган жетекчилерди алмаштырыңыз. СССРден калган системди жоюңуз. Акимдер иштесин деп жатасыз. Аларга башкарууну, укукту беришибиз керек. Иштей албаган акимдерди четинен иштен алыңыз", - деп айтты.
16:16. Депутат Кенжебек Бокоев: "Киров суу сактагычындагы сууну Казакстанга саталы. Элге сатып жатабыз го. 2 миң гектар жер бекер эле суунун алдында жатат. Ошолорду саясий эрк көрсөтүп чечип бериңиз”, - деп өкмөткө сунуштады.
16:20. Депутат Алмазбек Баатырбеков мектептердеги окууну 1 сентябрдан эмес, 15-сентябрдан баштоону кайрадан сунуштады. Ал мындай практика Европа өлкөлөрүндө колдонулуп келгенин белгиледи.
Мындан тышкары Баатырбеков: "Мамлекеттик туунун көп жерлерде туура эмес илинип турганын байкап жатам. Спортчулар да тескери кылып көтөрүп чыкканын көрдүм. Эл аралык иш-чараларда да маселе жаралууда. Туу боюнча талап кошобузбу, айтор, ошол маселени карап чыксак", - деп сунуш айтты.
16:30. Депутат Исхак Масалиев: "Биз өкмөт башчынын отчётуна “канааттандырарлык эмес” деген баа беришибиз керек. Ал мурдагы премьер Сапар Исаковго берилген баа. Бүгүнкү отчёт өкмөттүн эмес, премьер-министрдин отчёту. Болгону аны Мухаммедкалый Абылгазиев окуп берди. "Начар" деген баа бербесек, эртең башкача оюн болуп кетет.
2017-жылы карызыбыз 500 миллион долларга көбөйүп кетти. Эгер бул акча келбесе, бюджет эмне болмок? Дефицит кандай болмок? Чек ара маселесин тезинен чечиш керек. Бул СССР маалынан бери келе жаткан көйгөй.
Анан Кытайларга карата каралоо эл арасында жүрүп жатат. “Кыздарыбызды алып жатат. Кытайлар көбөйүп кетти” деген кептер тароодо. Муну ким уюштуруп жатат? Чара көрүлүшү керек. Өкмөт ар дайым Жогорку Кеңештин алдында отчёт бергенге милдеттүү”, - деди Масалиев.
16:50. Депутат Сайдулла Нышанов депутаттарды премьер-министрдин отчётун колдоп коюуга чакырды. Ал 2017-жылы жакшы иштер аткарылды деп эсептейт.
17:00. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков комитет "өкмөттүн отчёту эске алынып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилсин" деген чечимди кабыл алганын айтты.
17:10. Депутат Исхак Масалиев: "Бүгүн "канааттандырарлык" деп тапсак, анда Сапар Исаковду кызматка алып келишибиз керек болот. Эгер андай баа бербесек, күздө дагы маселе көтөрүлөт".
17:26. Жогорку Кеңеш премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2017-жылы өкмөттүн жасаган иштери боюнча отчётуна "канааттандырарлык" деген баа берди. Мындай баага 96 депутат "макул", 5 депутат "каршы" деп добуш берди.
Жогорку Кеңештин жыйыны уланууда