Бразилия, Германия, Аргентина… Мундиалдын фаворити кайсы командалар?

Бүгүн, 14-июнда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат. 21-жолу өтүп жаткан мелдеште дүйнөнүн 32 мыкты командасы катышып, эң беделдүү чемпиондук наам үчүн күч сынашат. Командалар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо күч сынашат. Мелдеш баштала электе эле командалардын даярдыгын көрүп, 5 алдыңкы курама команданы айтууга болот. SUPER.KG порталы Дүйнө чемпиондугу-2018тин алдыңкы 5 фаворитин сиздердин назарыңыздарга тартуулайт.

Бразилия

  • Дүйнө рейтингинде 2-орунда жайгашкан;
  • Дүйнө чемпиондугунда 1930-жылдан бери 20 жолу катышкан;
  • Эң ири эсептеги жеңиш: Бразилия 14:0 Никарагуа (Мексика; 1975-жыл 17-октябрь);
  • Эң ири эсептеги жеңилүү: Бразилия 1:7 Германия (Бразилия; 2014-жыл 8-июль);
  • Жетишкендиктери:
    • Дүйнө чемпиону (1958, 1962, 1970, 1994, 2002);
    • Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (1950, 1998);
    • Дүйнө чемпиондугунун коло медалдарынын ээси (1938, 1978);
    • Конфедерациялар кубогунун жеңүүчүсү (1997, 2005, 2009, 2013);
  • Мыкты бомбардир: Пеле (77 гол);
  • Машыктыруучу: Тите (өз аты Аденор Леонардо Бакши);

2014-жылы өз талаасында өткөргөн Дүйнө биринчилигинин жарым финалында жеңилүү ызасын тарткан бразилиялыктар бул ирет реванш алууну көздөп жатышат. 4 жыл аралыгында Бразилия курама командасы башкы машыктыруучусун алмаштырып, мыкты футболчуларды өз курамасына кошту. Башкы жылдызы Неймар тажрыйба топтоду. Эми чоң эрдикке даяр. Титенин баштоосундагы командада Неймар-Жезус-Коутиньо үчилтиги пайда болуп, командалардын коргоочуларын титиретчүдөй. Ошондой эле бул үчилтиктен тышкары жогорку деңгээлдеги ортоңку бөлүк - Фернандиньо менен Каземиро бар. Титенин баштоосунда Бразилия курамасы 21 беттеште 17 жолу жеңишке жетип, букмекерлер тарабынан мундиалдын башкы фаворити саналууда. Чындыгында, ошондой. Бирок... Көпчүлүк серепчилер алмашуудагы оюнчулардын негизги курамдагы оюнчуларга тете эместиги жана тажрыйбанын аздыгын айтышат.

Германия

  • Дүйнө рейтингинде 1-орунда жайгашкан;
  • Дүйнө чемпиондугуна 1934-жылдан бери 18 жолу катышкан;
  • Эң ири эсептеги жеңиш: Германия 16:0 Орус империясы (Швеция; 1912-жыл, 1-июль);
  • Эң ири эсептеги жеңилүү: Англия 9:0 Германия (Англия, 1909-жыл, 13-март);
  • Жетишкендиктери:
    • Дүйнө чемпиону (1954, 1974, 1990, 2014);
    • Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (1966, 1982, 1986, 2002);
    • Дүйнө чемпиондугунун коло медалдарынын ээси (1934, 1970, 2006, 2010);
    • Европа чемпиону (1972, 1980, 1996);
    • Конфедерациялар кубогунун жеңүүчүсү (2017);
  • Мыкты бомбардир: Мирослав Клозе (71 гол);
  • Машыктыруучу: Йоахим Лёв;

Германияда футболдун өнүгүүсү дүйнөдөгү эң алдыңкы даражада. Мисалы, Германия мелдештерге толук 2-3 футболдук курама команда жөнөтө алчудай. 2017-жылы Германиянын 2 курама командасы Конфедерациялар кубогун жеңип алышкан. Футболчулардын көптүгүнөн улам Йоахим Лёв Дүйнө чемпиондугуна быйылкы сезондо мыкты оюн көрсөткөн Лерой Санени алып барган жок. 2006-жылдан бери Йоахим Лёвдун баштоосунда Германия курама командасынын деңгээли бир топ өсүп, жогорку ийгиликтерге жетүүгө үлгүрдү. 12 жыл аралыгында Германия курамасы ар бир ири мелдештерде байгелүү орундарга татыды. Немистер Дүйнө чемпиондугунда алтын (2014) жана коло (2010) байгелерин, Европа чемпиондугунда 1 күмүш (2008) жана 2 коло (2012, 2016) медалдарын багындырып, Конфедерациялар кубогунун жеңүүчүсү (2017) дагы болду. Бул көрсөткүчтөр менен Лёв ааламдын мыкты машыктыруучулардын бири аталып келет. Мыкты команданы топтогон Йоахим Лёв 2-ирет Дүйнө чемпиондугун багындырууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

Испания

  • Дүйнө рейтингинде 10-орунда жайгашкан;
  • Дүйнө чемпиондугунда 1934-жылдан бери 14 жолу катышкан;
  • Эң ири эсептеги жеңиш: Испания 13:0 Болгария (Испания, 1933-жыл 21-май);
  • Эң ири эсептеги жеңилүү:
    • Италия 7:1 Испания (Нидерланды; 1928-жыл 4-июнь);
    • Англия 7:1 Испания (Англия; 1931-жыл 9-декабрь);
  • Жетишкендиктери:
    • Дүйнө чемпиону (2010);
    • Европа чемпиону (1964, 2008, 2012);
  • Мыкты бомбардир: Давид Вилья (59 гол);
  • Машыктыруучу: Фернандо Йерро (кызматка кечээ, 13-июнда кирди);

Испания курама командасынын көпчүлүгү Испаниянын 3 эң мыкты (Реал, Барселона, Атлетико) футболдук клубдарынын оюнчуларын түзөт. Реал Мадрид Чемпиондор Лигасынын катары менен 3 жолку жеңүүчүсү, “Барселона” кыйынчылыксыз Испания чемпиондугун жеңип алды. Ал эми “Атлетико Мадрид” Европа Лигасын жеңип алууга үлгүрдү. Бул клубдардын жалпы 13 футболчусу улуттук курамды түзөт. Ошондой эле дарбазачы Давид Де Хеа жана оюнчулар Давид Сильва менен Тиаго Алькатара Испания курамасын өркүндөтөт. 2016-жылы өткөн Европа биринчилигинде жеңилүү ызасын тарткан соң башкы машыктыруучу кызматына Хулен Лопетеги келген. Хулен Лопетеги команданын тактикасын калыбына келтирип, курамага жаңы оюнчуларды киргизген. Жакшыртылган курама менен Лопетеги Дүйнө чемпиондуктун тандап алуу этабында мыкты оюндарды көрсөтүп, финалдык этапка 1-орун менен өткөн. Лопетегинин баштоосунда Испания курама командасы 2 жылдан бери жеңилүү ызасын тартып көрө элек. 20 беттеште 14 жолу жеңишке жетип, 6 жолу тең эсепте жыйынтыктаган. Бирок бүгүн мундиалга 1 күн калганда машыктыруучу Лопетеги жумушунан кетти. Буга анын “Реал” командасын келерки сезондон баштап машыктыруусу себеп болду. Анын мындай кылганы Испан футбол федерациясына жаккан эмес. Испан курамынын башында Лопетегинин ордуна Фернандо Йерро турду. Мындай абалдан эми испаниялыктар кантип чыга турганын жакында көрөбүз.

Франция

  • Дүйнө рейтингинде 7-орунда жайгашкан;
  • Дүйнө чемпиондугунда 1930-жылдан бери 14 жолу катышкан;
  • Эң ири эсептеги жеңиш: Франция 10:0 Азербайжан (Франция; 1995-жыл, 6-сентябрь);
  • Эң ири эсептеги жеңилүү: Дания 17:1 Франция (Англия; 1908-жыл, 22-сентябрь);
  • Жетишкендиктери:
    • Дүйнө чемпиону (1998);
    • Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (2006);
    • Дүйнө чемпиондугунун коло медалдарынын ээси (1958, 1986);
    • Европа чемпиону (1984, 2000);
    • Конфедерациялар кубогунун жеңүүчүсү (2001, 2003);
  • Мыкты бомбардир: Тьери Анри (51 гол);
  • Машыктыруучу: Дидье Дешам;

2016-жылы Франция курамасы өз өлкөсүндө өткөн Европа биринчилигинде жеңишке 1 кадам жетпей калгандан бери жеңишке суусап турган маалы. Франциянын курамы - бардык командаларды салыштырып караганда эң жылдыздуусу. Франциянын дарбазасында 1-номер Уго Льорис, коргоо бөлүгүндө Юмтити менен Варан, мыкты жарым коргоочулар Н’Голо Канте менен Поль Погба жана чабуулда Антуан Гризманн жана мыкты оюну менен айырмаланган 19 жаштагы Килиан Мбаппе бар. Шамалдай ылдам чабуулдары менен бул курама команда атаандаштардын коргоочуларынын айласын алты кетирет. Франция - мундиалдын негизги фавориттеринин бири.

Аргентина

  • Дүйнө рейтингинде 5-орунда жайгашкан;
  • Дүйнө чемпиондугунда 1930-жылдан бери 15 жолу катышкан;
  • Эң ири эсептеги жеңиши: Аргентина 12:0 Эквадор (Уругвай; 1942-жыл 22-январь);
  • Эң ири эсептеги жеңилүү:
    • Чехословакия 6:1 Аргентина (Швеция; 1958-жыл 15-июнь);
    • Уругвай 5:0 Аргентина (Эквадор; 1959-жыл 16-декабрь );
    • Аргентина 0:5 Колумбия (Аргентина; 1993-жыл 5-сентябрь);
    • Боливия 6:1 Аргентина (Боливия; 2009-жыл, 1-апрель);
    • Испания 6:1 Аргентина (Испания; 2018-жыл, 27-март);
  • Жетишкендиктери:
    • Дүйнө чемпиону (1978, 1986);
    • Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (1930, 1990, 2014);.
    • Америка кубогунун 14 жолку жеңүүчүсү (1921, 1925, 1927, 1929, 1937, 1941, 1945, 1946, 1947, 1955, 1957, 1959, 1991, 1993);
    • Конфедерациялар кубогунун жеңүүчүсү (1992);
  • Мыкты бомбардир: Лионель Месси (51 гол);
  • Машыктыруучу: Хорхе Сампаоли;

Месси Марадонадай болуусу үчүн Аргентинаны Дүйнө чемпиону кылуусу керек. Месси “Барселона” менен канча деген Чемпиондор Лигасын утпасын, Ла Лиганы жеңип нечендеген рекорддорду жаратпасын, Аргентинаны жеңишке сүйрөй албаса Марадонанын артында гана калары айтпаса да белгилүү. Бул чемпиондук Месси үчүн акыркысы болуп калышы мүмкүн. Андыктан Лео алгачкы оюндан тарта сыйкыр жаратып баштаары анык. Аргентинанын курамында учурда бир гана Месси эмес, башка жылдыздуу футболчулар четтен табылат. Өзгөчө чабуулда Игуаин, Агуэро, Дибала... Мындай команда алыска барышы шарт. Бирок коргоочулары менен дарбазачысы чабуулчулардын деңгээлиндегидей эмес. Андыктан бул команда үчүн кыйынчылыктар болбойт койбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2018-06-14 13:25:24
Фаворит Бразилия!
-4
admiral
2018-06-14 13:45:00
Эмнеси болбосун Йоахим Лев Санини албаганы эң чоң катачылык болду деп эсептейм!
0
Jango
2018-06-14 14:18:04
Аргентина жакшы ойун коргозуп берсе экен эми
-2
kilim
2018-06-14 14:24:34
Аргентина
-3
Azat.97
2018-06-14 14:34:19
Бельгия дагы фаворит.Коросунор жарым финал финалга чейин жетиши толук мумкун
+2
Isco22
2018-06-14 14:46:17
Хорватия чемпион
+2
Azat.97
2018-06-14 15:26:55
Isco22,++++++++++.Модрич,Ковачич
+1
Patoshik1
2018-06-15 13:38:58
Буйруса Сенегал утабыз ийгилик.Сенегалдыктар барсынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан