"Таксистти мыкаачылык менен өлтүргөн" деп шектелип 2 жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 23-июнда болжол менен саат 01:45 чамасында Аламүдүн районунун Луговое айылында МАИ кызматкерлери жол эрежелерин бузгандыгы үчүн Мазда 626 унаасын токтотушкан. Бирок айдоочу токтобой качып кеткен. Артынан кууп жетип барганда ичиндегилер унаадан чыгып качып кетишкен. “Унааны текшерген учурда анын багажынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Анын бети-башы канга чыланып, кулагы шылынып түшүп калган”,- деп билдирет министрлик. Иликтөө учурунда маркум Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургуну, 25 жаштагы Тилектеш Түлөбердиев экендиги белгилүү болду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, “өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектүү 23 жаштагы классташтар С.Д. жана Ш.Ч. кармалышты. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, аталган жарандар унааны тартып алуу үчүн кылмышка барышкан. Учурда териштирүү иштери улантылууда.