АКШлык жаран досторуна өзүнүн бутунун этинен жасалган тамакты бергенин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШда IncrediblyShinyShart ысымы менен белгилүү болгон интернет колдонуучусу социалдык баракчасына өзүнүн операция учурунда кесилген бутунан досторуна тамак жасап бергенин жазып чыккан. 38 жаштагы жаран VICE порталына берген интервьюсунда 2 жыл мурун жол кырсыгына кабылып бутун томуктан ылдый кестирүүгө мажбур болгонун билдирген. Операциядан соң дарыгерлер ага кесилген бутун беришкен.
Анын айтымында, ал бутун катып койгусу келген. Бирок ага көп акча талап кылынарын билген соң муздаткычка тоңдуруп сактап койгон. Көп өтпөй ал өзүнүн жакын досторуна анда адамдын эти бар экенин айткан.
"Эсиңердеби? Биз кайсы бир учурда мыйзамдуу түрдө адамдын этин жеп көрсөк деп ойлонгонбуз. Эми ошол мүмкүнчүлүк келди", - деп билдирген IncrediblyShinyShart. Аты азырынча белгисиз болгон бул жарандын сунушуна анын эң жакын 10 досу макул болгон. Алгач алар этти маринаддап, андан соң пияз жана лайм ширесин кошуп куурушкан.
"Эт тарамыш болгон үчүн катуу болчу. Бирок буга карабай аябай даамдуу экен. Аны жеп жатканда уйдун же чочконун этин жеп жаткандай болот экенсиң", - деген IncrediblyShinyShart.