Бишкек шаарында футбол боюнча Орусия курама командасын колдоо акциясы болуп өттү

Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында Иван Панфиловдун эстелигинин алдында футбол боюнча Орусиянын улуттук курама командасын колдоо акциясы болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

Маалыматка ылайык, акция Москвадагы "Лужники" стадионунда старт ала турган футбол боюнча Дүйнө Чемпиондугунун алкагында уюштурулган. Аталган иш-чарага футбол күйөрмандары, футболчулар катышты.

Уюштуруучулар акциянын негизги максаты Орусиянын улуттук курама командасын колдоо экенин айтып, бул ирет Орусиянын курама командасына ийгилик жылмаярына ишенишерин билдиришти.

Айта кетсек, бүгүн, 14-июнда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат. 21-жолу өтүп жаткан мелдеште дүйнөнүн 32 мыкты командасы катышып, эң беделдүү чемпиондук наам үчүн күч сынашат. Командалар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Alixan-Nookat.2015
2018-06-14 18:11:28
Россияга бирок шанс жок чемпион болууга.
0
TalaCSKA
2018-06-14 18:18:11
Россия ишенебиз сага!жок дегенде группадан чыккыла!
-1
Ermek010292
2018-06-14 18:38:54
ХХХХХХХХ чыкбай эле койбопсунар ХХХХХХХХ. Ошодон коро ХХХХХХ
+7
TalaCSKA
2018-06-14 19:03:50
Ermek010292,ким кимге куйормандык кылары оз иши сен биронун кадыр баркына шек келтирбе ыйык рамазан айында.Россия,Сербия алгаааа!!!
-5
fora
2018-06-14 18:48:45
Орустарт оздору ишенбей жатышат командасына силерге эмне бар деймда ХХХХХХХХ
+4
Chungyz
2018-06-14 19:00:55
Арабтар алга
+3
Negrusti
2018-06-14 19:04:23
Уят...(((
-2
Tansuluu09
2018-06-14 19:05:52
Колдосо колдогондур селерге, не?
-6
japarov
2018-06-14 19:58:55
Алга Россия
+1
bond02
2018-06-14 20:18:17
Куру кыйкырык, бекер убарагерчилик.
+2
Kg.paren
2018-06-14 20:18:32
уят эле!!! уйдо эле куйормандык кыла бергиледа эми кочого чыгып албай москва барсан ХХХХХХХХХХ
+4
jbolotov
2018-06-15 00:46:58
Тарыхты билбеген манкурт экенбизда, Россия бизди колония кылып келген дагыда кантип Кыргызстанды коз каранды кылабыз деп турушат. Ушундай псевдопатриоттор куйдуротда.
0
admin_superstan
2018-06-15 13:18:40
Letchik-bolgum-kelchuu, Kg.paren, fora, Patoshik1, Ermek010292,
Порталдын эрежелерин сактагыла! Эреже бузган билдирүүлөр түзөтүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан