Эгерде Орусиянын футбол боюнча курама командасы Дүйнө биринчилигинде жеңишке жетсе, башкы машыктыруучусу космоско учат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, "Галактика" компаниясы эгерде Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетсе, башкы машыктыруучусу Станислав Черчесовду космоско учурууну сунушташты. Бардык чыгымдарды компания өз моюнуна алганга даяр.
"Бул жашоодо бардыгы мүмкүн. Эң негизгиси бул алдыга жана жеңишке умтулуу. Жөн гана турнирге катышпастан аны жеңүү - бул өзгөчө чоң сыймык. Эгерде жеңишке жетсек, космоско учуу Станислав Черчесов үчүн биздин белек болот", - деп билдирген "Галактика" эл аралык космостук компаниясынын негиздөөчүсү Алия Прокофьева.