Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылына жер көчкү түштү. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдады.
Маалыматка караганда, жер көчкү бүгүн, 14-июнда саат 17:20 чамасында болгон.
"Айылда күн ачык эле турат. Күтүлбөгөн жерден көчкү түштү, бактыга жараша, жабыркагандар жок. Өткөн жылы да ушул адырдан көчкү түшүп, бир топ үй-бүлө башка жакка көчүп кеткен. Бул жолу жер көчкү турак жайларга 30-40 метр жетпей токтоду", - деп жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.