Футболчу Антуан Гризманн "Атлетикодо" кала турганын айтты

Франция курамасынын чабуулчусу Антуан Гризманн "Атлетиконун" курамында кала турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мен "Атлетикодогу" трансферлер боюнча долбоордон маалымат алдым. Ал абдан кубантарлык экен, клуб Чемпиондор Лигасын жеңүү үчүн колунан келген бардык аракетин кылууда. Дүйнө биринчилигине учарга бир күн калганда командада калууну чечтим. Мен басым болгонун сезүүдөмүн жана баарына жаңылышпаганымды далилдегим келет. Ошондой эле клубга жана клубда бирге ойногон спортчуларга ишене турганымды көрсөткүм келет", - деп билдирген Гризманн.

Буга чейин чабуулчу "Барселонага" өтөт деген маалымат тараган. Бирок "Атлетико" Гризманнга жылына 25 миллион евро айлык сунуштаса, ал эми "Барселона" 15 миң евро сунуштаганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bazarkyl
2018-06-15 10:46:39
Эң туура кылат
+3
almanbetperm
2018-06-15 10:53:18
Туура эле,барсага барып скамейкада отуруп калышын билетда
+2
Rasul94
2018-06-15 11:18:00
Гризманн Барсада мындан дагы жылдызы жанат болчу.озу да ойноо стили окшош
+3
Kanybek121195
2018-06-15 12:40:29
Реалга өт анда Роналду Гризман Бейл үч чабуулчу болосуңар.ВВС болбой калды акыркы жылда
-2
Meni_unut
2018-06-15 14:42:28
Барсага барса Мессинин колокосундо калмак.
+2
nemo2016
2018-06-15 15:00:55
Meni_unut,эгерде жакшы оюн корсотсо колокого тушпой эле жылдыз болотда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан