Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземин бир нече өлкө лидерлери менен бирге көрдү. Кыргыз ажосунун эки тарабында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Москва шаарынын мэри Сергей Собянин отурду.
Иш-чарага алардан сырткары Беларус президенти Александр Лукашенко, Азербайжан лидери Илхам Аалиев, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Молдова лидери Игорь Додон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Аль Сауд жана башкалар катышты.
Эске салсак, чемпиондуктун ачылыш аземи Москвадагы "Лужники" стадионунда болуп, анын артынан алгачкы беттеш орун алды. Анда талаа ээси Орусия менен Сауд Арабиянын командалары кез келишип, орусиялык футболчулар 5:0 эсебинде жеңишке жетишти. 3 упай Орусиянын эсебине түштү.
Аталган беделдүү спорттук иш-чара Орусиянын 11 шаарында 14-июндан 15-июлга чейин болуп өтөт.
Чемпиондукта жалпысынан 8 тайпага бөлүнгөн 32 улуттук курама команда ат салышат, биринчилик 1 айга созулуп, акыркы финалдык оюн 15-июлда өтмөкчү.