Белгилүү америкалык музыкант Жон Леженд жана анын жубайы, модель Крисси Тейген америкалык жарандардын эркиндигин коргоо союзуна 288 миң доллар акча берди. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, жылдыздуу түгөйлөр мындай демилгесин АКШнын президенти Дональд Трамптын туулган күнүнө карата, тагыраагы, 14-июнда ишке ашырган. Алар Трамптын бийлигин жактырбай, аны мыскылдоо максатында жасалганы айтылат.
Жон Леженд менен Крисси Тейгендин бир уул, бир кызы бар. Жылдыздуу түгөйлөр үй-бүлөдөгү 4 мүчө 72 миң доллардан чыгарып, топтолгон каражатты аталган мамлекеттик союзга кайрымдуулук иретинде бергенин билдирген. Крисси Тейген жана Жон Леженд президент Дональд Трампты ачык эле сындагандардын бири. Мындан улам Дональд Трамп өткөн жылы социалдык тармактагы баракчасынан Крисси Тейгенди өчүрүп, аны "кулпулап" койгон.