Орусияда 2019-жылдан тарта пенсияга чыгуу курагы жогорулайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар премьер-министр Дмитрий Медведевдин 14-июнда жасаган билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Орусиянын өкмөтү пенсия курагын көтөргөнгө жараша акча көлөмүн да жогорулатып турууну убадалоодо.
"Орусиянын өкмөтү пенсия курагын аялдар үчүн 63 жашка, эркектер үчүн 65 жашка жогорулатууну сунуштоодо. Аталган реформа этап менен ишке ашырылып, 2019-жылдан башталмакчы. Аялдардын пенсия курагын жогорулатуу 2028-жылга чейин, ал эми эркектердики 2034-жылга чейин ишке ашырылат. Мындан сырткары иш тажрыйбасы жогоруларга белгиленген мөөнөттөн 2 жыл эрте пенсияга чыгууга шарт түзүлөт. Тагыраагы, аялдардын 40 жыл, ал эми эркектердин 45 жылдык эмгек тажрыйбасы болсо эске алынат", - деп айтылат маалыматтарда.
Учурда Орусияда аялдар 55, эркектер 60 жаштан пенсияга чыгышат. Пенсиянын орточо көлөмү 14 миң 414 рубль. Өкмөттүн бул сунушун эми Орусиянын Мамлекеттик Думасы карайт.
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүндө аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат.