
Арабиялык футболчулар Дүйнө биринчилигинин ачылышында орусиялык футболчулардан жеңилгени үчүн дисциплинардык жоопко тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясы менен Орусия кечээ, 14-июнда Дүйнө чемпиондугунун алгачкы оюнунда кез келип Орусия курама командасы 5:0 эсебинде жеңишке жеткен.
"Биз бул жеңилүүгө абдан капабыз жана мындай көрсөткүчкө канааттанбайбыз. Анткени бул биздин курамдын даярдыгынын көрсөткүчү эмес. Даярдыктардын бири - бул күчтүү каршылаштардын жанында коркунучту жоюу болчу. Дарбазачы Абдаллах аль-Майюф, чабуулчу Мохаммад ас-Сахлави жана коргоочу Умар Хавсави дисциплинардык жоопко тартылат", - деп билдирген Сауд Арабиясынын футбол федерациясынын жетекчиси Адель Иззат.
Ал эми спорт боюнча улуттук комитетинин жетекчиси Турки Аль аш-Шейха нааразычылыгын билдирип, "Бүгүн оюнчулар менин жүзүмдү жер каратты. Мен толугу менен жеңилүүнү сездим. Биз оюнчуларды даярдоо үчүн Дүйнөнүн эң мыкты машыктыруучулары менен келишим түзгөнбүз, бирок алар ишеничти актаган жок", - деп айткан комитет жетекчиси.
Айта кетсек, Сауд Арабия курама командасы Орусия, Египет жана Уругвай курамалары менен "А" тайпасына түшкөн, кийинки беттешин 20-июнда Ростов шаарында Уругвай менен өткөрөт.