Вьетнамдын Тханьхоа шаарынын Цзян Жун аттуу 30 жаштагы жашоочусу көңүлдөшүнүн аялынын аёосуз мамилесине туш болгонун чет элдик маалымат булактары жазууда.
Жазылган маалыматка ылайык, Цзян Жундун көңүлдөшүнүн аялы аны чачынан кармап көчөгө сүйрөп алып чыгып, балыктын соусуна ачуу калемпирди аралаштырып жалыңач денесине сүйкөгөн. Мындан улам Цзян Жундун денеси ачуу калемпирден күйүк алган.
Бул окуяга күбө болгондор Цзян Жун кызганычтан ачууланып жаткан аялдын колунан бошонуп чыгып кетүү аракетин көргөнүн айтышкан. Бирок ал аялга башка аялдар жардамдашып, жабырлануучу анын колунан чыга албай койгон. Мындан улам Цзян ачууланган аял өз "жоругун" аяктаганга чейин каршылыксыз жаткан.
"Полиция кызматкерлери келгенде бул окуяны карап тургандар туш тарапка тарап кетишкен. Андан кийин жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок ал полицияга арыз жазуудан жана ага кол салган адамга каршы көрсөтмө берүүдөн карманып турат. Эгер ал полицияга арыз жаза турган болсо кызганычтан улам мындай кадамга барган аялга адамды кемсинтүү, анын ден соолугуна зыян келтирүү жана коомдук тартиптүү бузуу боюнча айып тагылат", - деп жазылат маалыматта.