Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2018дин ачылышына уулу Миралишер жана небереси Миромон менен барды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Мирзийоев спорттук иш-чаранын ачылышына Путиндин чакыруусу менен барган. Аны аэропорттон Дүйнө чемпиондугу-2018дин атайын белгиси болуп түзүлгөн "карышкыр" футболдук атмосферада тосуп алган. Мирзийоев мундиалдын расмий тобуна кол койгондон кийин уулу жана небереси менен сүрөткө түшкөн.