Япониянын Киото шаарындагы мейманканада 71 адам уулануу белгилери менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 16-июнга караган түнү тамак-ашка уулануу белгилери менен 71 адам ооруканага жеткирилген. Алардын катарында мектеп окуучулары дагы болгон. Тамак-аштарды текшерүү иштери жүрүп жатат. Учурда 19 адам ооруканада дарыланууда.