Дзюдо боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарына даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Сергей Кладнов окуу-машыгуу жыйындарына 7 спортчуну чакырган. Алардын арасында Олимпиада оюндарынын катышуучусу жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү бар. Спортчулар жыйындарды Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 12-30-июнь аралыгында өткөрүшөт.
Окуу-машыгуу жыйындарына төмөнкү спортчулар чакырылган: