Кыргыз футболчулар Бишкекте өтүүчү кыздар арасындагы (U-16) Азия чемпиондугуна даярданууда

Футбол боюнча кыздар арасындагы (U-16) Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугуна даярданууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 16-23-сентябрь аралыгында өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу этабына даярдануу максатында Кыргыз курамасы 13-26-июнь аралыгында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Башкы машыктыруучусу Гульбара Уматалиева жыйынга 26 спортчуну чакырган. Окуу-машыгуу жыйындардын алкагында Кыргыз курамасы 18-22-июнда Ысык-Көл облусунун курама командалары (U-17, U-18) менен жолдоштук беттештерди өткөрүшөт.

Окуу-машыгуу жыйындарга төмөнкү спортчулар чакырылган.

  • Алина Акылбекова
  • Сатиней Акылбекова
  • Толгонай Алмазбекова
  • Зарина Ахматкулова
  • Бегимай Байзулдаева
  • Мээрим Жолдошева
  • Айдана Жылдызбекова
  • Анна Зародина
  • Жаныгул Кадырбек кызы
  • Татьяна Казначеева
  • Айжан Калысбек кызы
  • Алтынай Канатбек кызы
  • Сезим Кубанычбекова
  • Сезим Курманбек кызы
  • Айдай Нурлан кызы
  • Кымбат Өмүрбекова
  • Акылай Садыкова
  • Эсфира Салиева
  • Нуркыз Сыдыкбекова
  • Альбина Ташибекова
  • Эльвира Термес кызы
  • Анжелика Чонорова
  • Адина Эгембердиева
  • Адинай Душебаева
  • Аделя Эркинбаева
  • Шахноза Ибраимова

Башкы машыктыруучу: Гульбара Уматалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat.97
2018-06-16 15:51:03
Жакшы.Менин да тааныш кызым бар жакшы ойнойт бизге кошулуп алып
0
Sarinakg
2018-06-17 00:31:22
Бишкекте оспурумдор арсында болуп жаткан фудбол бойунчада маалымат берип койгула супер инфо жамааты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан