Бүгүн, 16-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "D" тайпасынын алкагында Орусиянын Москва шаарында Аргентина менен Исландия курама командаларынын беттеши өтөт. "Спартак" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат. Беттештин башкы калысы польшалык Шимон Марчиняк болмокчу.
18:50. Аргентина курама командасынын тизмеси:
18:53. Исландия курама командасынын тизмеси:
18:54. Оюнчулар оюн талаасына чыгып, Аргентинанын гимни жаңырды.
18:55. Экинчи болуп Исландия өлкөсүнүн гимни жаңырды.
19:00. Калыс ышкырып, Аргентина-Исландия беттеши башталды. Топту оюнга алгач Исландия курамасы кошту.
19:03. Кари Арнасон орой ойноп, атаандашына айып сокку узатууга мүмкүнчүлүк берди.
19:04. Николас Отаменди гол киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бирок таамай болбой, эсеп саны ачылган жок.
19:06. Исландиялык футболчулар кайрадан эреже бузууда. Месси топту тез арада кошуп, аргентиналыктар чабуулун баштады.
19:07 Кайрадан исландиялыктар эреже бузуп калыстын ышкырыгы жаңырууда. Биркир Бьярнасон 2-ирет атаандашын жерге кулатууда.
19:08. Бьярнасон атаандашынын айып аянтчасында сокку жасаганга үлгүрдү. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
19:11. Аргентиналык футболчулар топту бурчтан ойнотууга мүмкүнчүлүк алды. Ди Мариянын айып аянтчага көтөргөн тобун коргоочулар тосуп алышты.
19:13. Отаменди алыскы аралыктан сокку узатты. Топ дарбазадан бийик өттү.
19:17. Лионель Месси алыскы аралыктан сокку узатты. Дарбазанын сол бурчуна багытталган соккуну Халдорсон тосуп алууга үлгүрдү.
19.19. Го-о-о-л! Эсеп 1:0. Серхио Агуэро айырмаланды. Алыстан узаткан соккусун дарбазачы тосуп алганга жетишпей калды.
19:22 Исландиянын дарбазачысы деңгээли жогорку экенин көрсөтүүдө. Ал Халдорсон Мессинин соккусун тосуп алды.
19:24. Го-о-о-л! Альфред Финнбогасон айырмаланып эсепти тең кылды.
19:27. Аргентиналыктар топту бурчтан ойнотууга мүмкүнчүлүк алды. Ди Мариянын чыгарып берүүсүн Тальяфико жыйынтыктап топту дарбазачы тосуп алды.
19:30. Жарым сааттык беттештин жыйынтыгында Аргентина курамасы 80 пайыз топко ээлик кылып жатат.
19:31. Топту аргентиналыктар көбүрөөк кармап жатса, соккулар боюнча эсеп 8:8. Ал эми таамай соккулар боюнча 4:2.
19:32. Лукас Билья мыкты сокку жасады. Эгерде топ бир аз ылдый багытталса чемпиондуктун мыкты голу наамы үчүн күч сынаша алмак.
19:36. Максимилиано Меса атаандашынын айып аянтчасына пас узаткан. Бирок коргоочулар топту тосуп алышты.
19:40. Аргентина 4-ирет бурчтан топту чыгарып жатат. Мессинин көтөрүп берүүсүнө алгач дарбазачы жетип, топту кармап калды.
19:42. Исландиянын коргоочусу өз айып аянтчасында колу менен ойноду. Бирок калыс пенальтинин ордуна бурчтан көтөрүүнү дайындады.
19:44. Шимон Марчиняк беттештин 1-таймына 1 мүнөт кошту.
19:45. Альфред Финнбогасондун соккусу таамай болбой, дарбазадан 2 метр алыстыкта өтүп кетти.
19:46. Калыстын ышкырыгы чыгып, беттештин 1-бөлүгү жыйынтыкталды.
20:04. 2-тайм старт алды. Эске салсак, 1-тайм 1:1 эсеби менен жыйынтыкталган.
20:06. Ди Мария кооптуу абал жаратууга аракет жасады. Айып аянтчага узаткан топту коргоочу тосуп алып, эми аргентиналыктар топту бурчтан чыгарышат.
20:07. Бурчтан чыгарылган топту Отаменди жыйынтыктаганга үлгүрдү. Бирок топ дарбазадан бийик өтүп кетти.
20:08. Исландия Аргентинаны тынчсыздандырууда. Гильфи Сигурдссондун айып аянтчага узаткан пасын Рохо тосуп алды.
20:11. Алгачкы алмаштыруу Аргентинанын курамасында орун алды. Лукас Бильянын ордуна Эвер Банега чыкты.
20:14. Месси Исландиянын 4 оюнчусун алдап өтүп, Агуэрого пас берген, андан улам Агуэронун узаткан соккусун коргоочулар тосуп алышты.
20:15. Кайрадан Агуэронун соккусу. Алыскы аралыктан аткарган тебүүсүн оюнчулар тосуп коюшту.
20:19. Гудмундссон жаракат алып калып, дарыгерлердин жардамына муктаж болууда.
20:21. Пенальти! Аны Аргентинанын жылдызы Месси аткарат.
20:22. Мессинин 11 метрден узаткан соккусун дарбазачы тосуп алды. Месси чоң мүмкүнчүлүктү жоготту.
20:29. Эвер Банега узаткан сокку дарбазачынын колуна багытталды. Дарбазачы кыйынчылыксыз тосуп алууга үлгүрдү.
20:33. Алмашуу орун алды. Ди Мариянын ордуна Кристиан Павон чыкты.
20:34. Исландиялыктар дагы оюнчусун алмаштырды. Арон Гуннарссондун ордуна Ари Скуласон оюнга кошулду.
20:37. Лионель Месси дарбазадан 5 метр алыстыкта сокку жасаганга аракет жасады. Бирок топко биринчи болуп Исландиянын коргоочусу жетип, кооптуу абалды жойду.
20:40. Лионель Месси 20 метр алыстыктан сокку узатты. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.
20:42. Месанын ордуна оюн талаасына Гонсало Игуаин чыкты.
20:47. Эсепти тең кылган Альфред Финнбогасон оюн талаасын таштап,анын ордуна Бьорн Сигурдарсон чыгат.
20:49. Калыс беттештин негизги убактына 5 мүнөт кошту.
20:51. Месси гол киргизүүнүн айласын таппай жаткан кези орун алууда. Исландиялыктардын коргоо бөлүгү мыкты болуп, аргентиналыктарга мүмкүнчүлүк бербей жатат.
20:54. Шимон Марчиняктын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Бул беттеште аргентиналыктар 78 пайыз топко ээлик кылганы менен, Исландиянын коргоо бөлүгүн өтө алган. Муну менен Аргентина менен Исландия 1 упайдан ээ болушту.