Дания Перуну 1:0 эсебинде утуп алды

16-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "С" тайпасынын алкагында Орусиянын Саранск шаарында Перу менен Дания курама командаларынын беттеши өттү.

21:50. Перу курамасынын тизмеси:

Дарбазачы: Педро Гальесе ("Веракрус");

Коргоочулар: Луис Адвинкула ("Лобос БУАП", Мексика), Кристиан Рамос ("Веракрус"), Альберто Родригес ("Атлетико Хуниор", Колумбия), Мигель Трауко ("Фламенго", Бразилия);

Жарым коргоочулар: Эдисон Флорес ("Ольборг", Дания), Кристиан Куэва ("Сан-Паулу", Бразилия), Ренато Тапиа ("Фейенорд", Нидерланд), Йосимар Йотун ("Орландо Сити", АКШ);

Чабуулчулар: Жефферсон Фарфан ("Локомотив", Орусия), Андре Каррильо ("Уотфорд", Англия), Паоло Герреро ("Фламенго", Бразилия).

Башкы машыктыруучу: Рикардо Гарека (Аргентина).

21:53. Дания курама командасынын тизмеси:

Дарбазачы: Каспер Шмейхель ("Лестер" Англия);

Коргоочулар: Андреас Кристенсен ("Челси", Англия), Хенрик Далсгор ("Брентфорд", Англия), Йенс Ларсен ("Удинезе", Италия), Кьер ("Севилья", Испания);

Жарым коргоочулар: Кристиан Эриксен ("Тоттенхэм", Англия), Дамьен Делейни ("Вердер", Германия), Уильям Квист ("Копенгаген");

Чабуулчулар: Николай Йоргенсен ("Фейеноорд", Голландия), Юссуф Поульсен ("РБ Лейпциг", Германия), Пионе Систо.

21:56. Алгач Перунун гимни жаңырып, андан соң Даниянын гимни чыкты.

22:00. Гамбиялык калыстын ышкырыгы жаңырып Перу-Дания беттешинин алгачкы бөлүгү башталды. Оюнга топту Дания курамасы кошту.

22:03. Перунун оюнчулары 1-таймды активдүүлүк менен баштады.

22:05. Адвинкула алыскы аралыктан сокку узатты, бирок топ дарбазага багытталган жок.

22:07. Йосимар Йотун өзүнө мүмкүнчүлүк жаратып, 30 метр аралыктан сокку узатты. Аны дарбазачы Шмейхель тосту.

22:10. Флорес алыскы алыстыктан узатылган сокку менен айырмаланды. Топ кайрадан дарбазага тийген жок.

22:13. Перулуктар бул чемпиондукка жакшы даярданганы көрүнүп турат. 10 мүнөттүн жыйынтыгында Перунун футболчулары 4 сокку узатканга жетишти. Ал эми Дания курамасы сокку узатканга үлгүргөн жок.

22:20. Кристенсен атаандашын жыгылтты. Перулуктар айып сокку аткарат.

22:23. 20 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында даниялыктар топко 60 пайыз ээ болуп жатса, Перунун оюнчулары 40 пайыз топту өз карамагына алууда.

22:25. Делейни алыскы аралыктан кубаттуу сокку жасап, бир аз таамай болбой калды.

22:28. Жефферсон Фарфан жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду. Атаандашынын айып аянтчасына кирип келген Фарфан сокку узатканга жетишти. Фарфандын алдына секирген коргоочу буту менен топту тосуп коюуга жетишти.

22:32. Виллиам Квист жаракат алып, дарыгерлердин жардамына муктаж болууда.

22:35. Алгачкы алмаштыруу орун алууда. Виллиам Квист оюнду уланта албай калды. Аны Лассе Шоне алмаштырат.

22:37. Кристиан Куэва орой ойногону үчүн сары айып кагазып алды. Даниялыктар айып аянтчага жакын жерде сокку узатат.

22:38. Айып соккуну аткарган Эриксендин соккусу дарбазачы түзгөн дубалга туш келди. Дубалдан кайтып келген топту Шоне кайрадан тээп таамай боло алды. Бирок дарбазачы тосуп алганга жетишти.

22:44. Башкы калыс Даниянын дарбазачысына пенальти дайындады.

22:45. Чоң катачылык! Пенальтини Кристиан Куэва аткарган таамай болбой топту дарбазадан бийик багыттап сокку узатты.

22:45. Башкы калыс негизги убакытка 2 мүнөт кошту.

22:47. Ышкырык жаңырып 1-тайм соңуна чыкты.

23:04. 2-тайм старт алды.

23:10. Мигель Трауко эреже бузду. Даниялыктар 20 метр алыстыктан айып сокку узатат.

23:11. Айып соккуну Эриксен аткарды, бирок таамай болгон жок.

23:17. Г-о-о-о-л! Эсеп 0:1. Дания курамасы контр-чабуулга чыгып эсеп санын өзгөртө алды. Поульсен айырмаланды.

23:18. Перулуктар мыкты чабуулдан гол киргизе албай калды. Мүмкүнчүлүккө ээ болгон Флорестин соккусун Шмейхель тосуп алды.

23:22. Перулук машыктыруучу Флорести алмаштыруу чечимин кабыл алды. Анын ордуна оюн талаасына Паоло Герреро чыкты.

23:25. Даниянын курамында алмаштыруу орун алды. Пионе Систону Мартин Брэйтуэйт алмаштырды.

23:30. Беттештин 70 мүнөтү артта калды. Статистикага көңүл бурсак, Дания курамасы топко 55 пайыз ээлик кылып жатса, Перу 45 пайызга ээ. Соккулар боюнча 12:8 Перу алдыда. Ал эми таамай соккулар боюнча эсеп 4:2.

23:32. Ренато Тапия жаракат алды, анын каршылашы топту сүзүү аракетин көрүп жатып кокустан баш сөөккө тээп алды.

23:38. Герреро өзгөчө сокку менен айырмаланды. Дарбазадан 6 метр аралыктан согончогу менен узаткан соккусу дарбазанын жанынан өттү.

23:39. Дания курамасы оюнчусун алмаштырды. Андреас Кристенсендин ордуна Матиас Йоргенсен чыкты.

23:41. Жефферсон Фарфан атаандашынын айып аянтчасынан таамай сокку узатты. Бирок Шмейхель чеберчилигин көрсөтүп бул соккуну кайтара алды.

23:43. Томас Делэйни эреже бузганы үчүн сары айып кагазына туш болду.

23:44. Перунун акыркы алмаштыруусу Педро Санчес оюн талаасына Ренато Тапиянын ордуна чыкты.

23:49. Беттештин негизги убактысы аягына чыкты. Гамбиялык калыс кошумча 5 мүнөт кошту.

23:51. Жалгыз голдун ээси Поульсен эреже бузуп сары айып кагазын алды.

23:54. Калыстын ышкырыгы беттеш соңуна чыкканын билдирет. Дания курамасы оор беттеште жеңишти багындыра алды. Дания капчыгына 3 упай алып келди, ал эми Перу упайсыз калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Chungyz
2018-06-16 22:21:30
Перу алга
0
gulmi
2018-06-16 23:36:41
Админ,сураныч,Саламат Садыкова менен болгон маектерге шилтеме бирип коюнузчу,издеп таппай койдум.
-4
karakulja
2018-06-17 00:28:28
gulmi,сен портерге чыгып алдын го. Саламаттын не тиешеси бар футболго
+3
Isco22
2018-06-17 16:36:27
gulmi,бул жак озу саламат болтат е чык эшикке
+1
jugorsk
2018-06-17 00:32:12
1-1ге ставка койдум эле пенальтини тебе албай ит болдуда
0
nurgaz
2018-06-17 00:44:19
Азыр нигерия менен харватия ойнойт, мен нигерияга куйормандык кылам.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан