Бүгүн Германия, Мексика, Бразилия жана Швейцария курамалары алгачкы беттешин өткөрөт

Бүгүн, 17-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын алкагында 6 команданын өз ара беттеши орун алат. Анда мелдештин 4-күнүндө "F" жана "E" тайпаларында Коста-Рика-Сербия , Германия-Мексика жана Бразилия-Швейцария курама командаларынын беттеши өтөт.

Коста-Рика менен Сербия командаларынын беттеши "Самара Арена" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө старт алат.

Германия менен Мексика курамаларынын беттеши Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.

Бразилия-Швейцария беттеши "Ростов Арена" аттуу стадиондо өтөт. Беттеш 18-июнга караган түнү саат 00:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kilim
2018-06-17 13:48:20
Германия Бразилия утат
-2
nurgaz
2018-06-17 15:07:37
kilim, 2014то финалда Бразилия - Германия ойноп, Германия Бразилияны женген, 2018де Бул эки команда 8/1 оюнда ыргып кететко дейм. Финалда мен башка командаларды коргум келет, м: Египет менен Коста-Риканы, Финал ЕГИПЕТ - КОСТА-РИКА 3-1, Египет чемпион Салах алга!
-6
aiba-889290
2018-06-17 17:15:37
nurgaz,2014-жылы жарым финалда Германия-Бразилия ойногон.7:1 эсеби менен Немецтер уткан.Финалда Германия-Аргентина ойногон.Овертаймда Марио Гётце гол киргизип Германияга жениш алып келген
-3
TalaCSKA
2018-06-17 13:55:45
Сербия алгаа!!!
-3
Zainidin96
2018-06-17 14:03:19
Бразилия алгааа
0
Rasul94
2018-06-17 14:08:11
Бразилия алга.Неймар кооз оюн коргозчу бир.разгром кутом Бразилиядан
-3
Sabette
2018-06-17 14:25:38
Кучтуусу жеңет топ тоголок!!!
-2
nurgaz
2018-06-17 14:35:59
Супер инфо эми футболду саатына чейин качан болорун жазып туура кылдынар, ишинерге ийгилик.Мен бул оюнда КОСТА-РИКАга куйормандык кылам. Алга Коста-Рика!
-4
Acord
2018-06-17 14:42:24
Германия алга
-2
admiral
2018-06-17 15:21:14
Германия!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан