Укмуштуу окуя! Мексика курамасы Германияны алгачкы жолу утту

17-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "F" тайпасынын оюндарынын алкагында Орусиянын Москва шаарында Германия менен Мексика курама командаларынын беттеши өтөт. "Лужники" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат. Беттештин башкы калысы ирандык Алиреза Фагани болмокчу.

20:47. Германия курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Мануэль Нойер ("Бавария");
  • Коргоочулар: Жером Боатенг, Матс Хуммельс, Йозуа Киммих ("Бавария"), Марвин Платтенхардт ("Герта");
  • Жарым коргоочулар: Юлиан Дракслер ("Пари Сен-Жермен", Франция), Сами Хедира ("Ювентус", Италия), Тони Кроос ("Реал", Испания), Месут Озил ("Арсенал", Англия);
  • Чабуулчулар: Томас Мюллер ("Бавария"), Тимо Вернер("Лейпциг");
  • Башкы машыктыруучу: Йоахим Лёв (Германия).

20:50. Мексика курамасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Гильермо Очоа ("Стандард", Бельгия);
  • Коргоочулар: Уго Айяла ("Тигрес"), Хесус Гальярдо ("УНАМ"), Мигель Лаюн ("Севилья", Испания), Эктор Морено ("Реал Сосьедад", Испания);
  • Жарым коргоочулар: Андрес Гуардадо ("Бетис", Испания), Эктор Эррера ("Порту", Португалия), Хавьер Акино ("Тигрес").
  • Чабуулчулар: Хавьер Эрнандес ("Вест Хэм Юнайтед", Англия), Ирвин Лосано ("ПСВ", Голландия), Карлос Вела("Лос-Анжелес", АКШ).
  • Башкы машыктыруучу: Хуан Карлос Осорио (Колумбия).

20:53. Командалар оюн талаасына чыгышты. Алгач Германиянын гимни жаңырууда.

20:55. Мексиканы гимни жаңырды. Бизди мыкты оюн күтүп жатат.

20:56. Оюнчулар өз ара учурашып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.

21:00. Ирандык адис Алиреза Фаганинин ышкырыгы жаңырып, алгачкы тайм старт алды.

21:01. Мексика курамасы алгачкы мүнөттөрдөн баштап эле кооптуу абалды жарата баштады.

21:02. Лосано атаандашынын айып аянтчасына кооптуу пас узатты. Бирок аны германиялык коргоочулар курчап алышты.

21:03. Тимо Вернер оң канаттан атаандашынын айып аянтчасына кирип келип сокку узатканга үлгүрдү. Бирок сокку таамай болгон жок.

21:05. Хуммельс дарбазаны көздөй сокку узатты. Бирок дарбазачы тосуп алды.

21:06 Мексикалык футболчулар ылдамдык менен контр-чабуулга чыгышты. Матс Хуммельс эреже бузбаса абдан кооптуу абал орун алмак.

21:08. Мигель Лайюн айып соккуну ийгиликтүү аткара албай калды. Топ дарбазадан бийик өттү.

21:10. Мексикалыктар татыктуу каршылык көрсөтүп жатышат. Уламдан улам контр-чабуулга, тактикалык чабуулдарга чыгып, кооптуу абал жаратууда.

21:11. Эктор Эррера алыстан сокку узаткан. Нойер кыйынчылыксыз топту тосуп алды.

21:12. Тони Кроос колу менен ойногону үчүн мексикалыктар айып сокку аткарышат.

21:13. Мексикалык оюнчунун айып аянтчага көтөргөн тобуна Эктор Морено жетишип башы менен сокку узатканга үлгүрдү. Нойер кайрадан чеберчилигин көрсөтүп, топту тосуп алды.

21:15. Жошуа Киммих айып аянтчага топту көтөрүп берген, коргоочулар биринчи болуп германиялыктар бурчтан көтөрөт.

21:16. Юлиан Дракслер алыскы аралыктан күчтүү сокку узатты. Дарбазачы кыйынчылыксыз топту алып койду.

21:17 Чичарито каймана аты менен таанымал Хавьер Эрнандес Нойер менен бетме-бет чыкканга жетишти. Бирок сокку узатпай топту көбүрөөк өз карамагына кармап койгону үчүн жоготту.

21:19. Тимо Вернер атаандашы менен тирешти утуп, жакынкы аралыктан сокку узатканга үлгүрдү. Бирок Гильермо Очоа өз ордунда.

21:21. Германиялыктар орто бөлүктө катачылык кетирүүдө. Мексика контр-чабуулга чыгып, бирок натыйжа чыгара алган жок.

21:22. Киммих эреже бузду. Мексика айып сокку узатат.

21:23. Мексикалыктардын чыгарып берүүсү ийгиликтүү болду, бирок Морено эреже бузуп чабуул токтоду.

21:24. Германия айып сокку узатты. Кроостун чыгарып берүүсү таамай болгону менен, германиялыктан жыйынтык чыгара алган жок.

21:25. Мексиканын 4 оюнчусу контр-чабуулга чыгып 3 оюнчуга туш болду. Бирок Чичарито кайрадан ката кетирип топту алдырып жиберди.

21:28. Лайюн сокку узатты. Нойер командасын сактап калды.

21:30. Беттештин 30 мүнөтү артта калды. Германиялыктар 62 пайыз топко ээлик кылса, мексикалыктар 38 пайызга ээ.

21:33. Оюндун ылдамдыгы бир аз төмөндөп калды. Топ мексикалыктардын тарабында.

21:34. Гол! Эсеп 0:1. Мексикалыктар эсеп санын ачты. Лосано коргоочуларды алдап, таамай сокку менен Нойерге тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

21:36. Мексикалыктар айып аянтчанын жанында Киммихти жыгылтып, германиялыктар айып сокку аткарышат.

21:38. Тони Кроос айып соккуну аткарды. Дарбазанын жогору жагындагы оң бурчуна багытталган соккуну Очоа тосуп алганга үлгүрдү.

21:39. Эктор Морено сары айып кагазына туш болду. Алгачкы эскертүү.

21:41. Мексиканын контр-чабуулдары германиялыктарды тынчсыздандырууда.

21:45. Биринчи таймдын негизги убактысы соңуна жетти. Калыс 1 мүнөт кошуп берди.

21:46. Алгачкы тайм жыйынтыкталды. Азырынча мексикалыктар алдыда, 0:1

22:02. 2-тайм башталды. Тыныгуудан кийин курамаларда алмаштыруулар орун алган жок.

22:04. Германиялыктар позициялык чабуулун өнүктүрүүдө. Чабуул Платтенхардттын соккусу менен жыйынтыкталды. Бирок Марвиндин узаткан соккусу таамай болгон жок.

22:07. Оюндун ылдамдыгы төмөндөп калды. Германиялыктар топко ээлик кылууда.

22:09. Киммих алыстан сокку узатты. Томастын соккусу таамай болгон жок. Топ дарбазадан бийик өтүп кетти.

22:11. Германиялыктар кайрадан чабуулда, бирок кайрадан ийгиликсиз. Дракслердин соккусун коргоочулар тосуп алышты.

22:14. Мексикалыктарда алмашуу. Вела оюн талаасынан кетсе, Эдсон Альварес анын ордуна чыгат.

22:16. Германия курамында дагы алмашуу. Сами Хедиранын ордуна Марко Ройс талаа үстүнө чыкты.

22:18. Юлиан Дракслердин соккусу орун алды. Бирок сокку коргоочулар тарабынан тосулду.

22:21. Киммих атаандашынын айып аянтчасында кооз сокку менен айырмаланды. Топ дарбазадан бир аз бийик өтүп кетти. Сокку бир аз ылдый багытталганда Очоа тосо алмак эмес.

22:22. Мексикалыктарда алмашуу. Рауль Хименес Ирвинг Лосанону алмаштырды.

22:24. Тимо Вернер учур менен колдоно алган жок. Жакшы мүмкүнчүлүк бар болчу.

22:27. Оюн токтотулду. Хесус Гальярдо медициналык жардамга муктаж болууда.

22:29. Кезектеги алмашуу. Мексиканын капитаны Андрес Гуардадонун ордуна Рафаэль Маркес чыкты.

22:32. Тони Кроос кооптуу абал жаратты. Айып аянтчанын чийининен узатылган соккусу күчтүү болгону менен таамай болбой калды.

22:35. Йоахим Лев оюнчусун алмаштырууда. Коргоочу Платтенхардттын ордуна чабуулчу Марио Гомес оюн талаасына чыкты.

22:37. Мексикалыктардын контр-чабуулчусу мыкты башталган. Бирок жыйынтыгы ийгиликсиз болду. Лайюндун соккусу таамай болбой, дарбазадан 1 метрдей алыстыкта өтүп кетти.

22:38. Томас Мюллер атаандашын жыгылтып эреже бузганы үчүн сары айып кагазын алды.

22:40. Германиялыктар кайрадан эреже бузуп, сары айып кагазын алды. Анын ээси Хуммельс болду.

22:42. Кезектеги алмашуу Тимо Вернердин ордуна Юлиан Брандт чыкты.

22:43. Германиянын күйөрмандары көңүлсүз болуп кыжырланып жатышса, Мексиканын күйөрмандары көтөрүңкү көңүл менен командасын колдоодо.

22:47. Беттештин негизги убактысы аяктады. Калыс 3 мүнөт кошту.

22:50. Укмуштуу окуя! Калыстын ышкырыгы жаңырып, Мексика курамасы Германия курамасын, учурдагы Дүйнө чемпионун жеңип алды. Эсеп 0:1 Мексика чыныгы татыктуу оюн көрсөттү. Айта кетсек, мексикалыктар буга чейин Германияны утуп көрө элек болчу.

Германия-Мексика
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Matahara1980
2018-06-17 22:54:33
Бутту оюн немис трактору утулду, мексикалыктар молодцы
0
kilim
2018-06-17 22:55:46
Эх Германия
+1
kalpak.kg92
2018-06-17 23:12:01
Пост
0
Rasul94
2018-06-17 23:18:04
Байкуш Нойер да жардам бере албады.молодцы Мексика
0
Bazana
2018-06-17 23:59:55
Мен неместерге куйорман болчумунда ((.Бул оюн ар кандай болушу мумкун.
0
O.dembele
2018-06-18 00:07:08
Аргентина менен Германия финалда ойноп чарчаганго
+3
Chagylgan1
2018-06-18 00:58:52
Москва болсо Мексика Ситиге айланып кетти дейт го, Москвага келген сары-жашыл кийим, кооз сомбреро кийген Мексикалык куйормандардын коптугунон...

Анан ошончо куйорман океандын ар жагынан келип жатса, оз футболчуларын колдоп сурогону, Мексикалык футболчулар максимум денгээлде оюн корсотууго да милдеттуу эле да.

Мексика Португалия сыяктуу эн мыкты оюн корсотту. Бугун эми Москванын борборук болугу кичи Мексикага айланаары турган иш экен да...
+7
Kroxa
2018-06-18 04:05:25
Chagylgan1,Мексикалыктар келип кыргыз таксист жоолоп кетти го коп келишкенинен..
+3
murat17
2018-06-18 14:52:30
Chagylgan1,Эми мен сага айтайын португалияны Германия 2014 4-0го уткан 2008 3-2ге уткан 2006 3-1 болгон Эми эмне дейсин
0
nurgaz
2018-06-18 01:00:29
Мексика Германия оюну буга чейин 3 ирет ойногон, бироосу ничя, бироосундо Мексика женген, бироосундо Германия женген, азыркысында дагы Мексика женди. Буга чейин Германияны Мексика женген эмес дегенинер туура эмес.
-3
Janym_ata_enem
2018-06-18 02:05:13
Мен португалияга добуш берем
+3
Janym_ata_enem
2018-06-18 02:06:49
Мен баардык жазгандарга кошулам кыргызым алга молодец коп коп коментари калтыргыла ээ
-3
Mehazahn57
2018-06-18 02:44:55
Очоа кучтуу вратарь.
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-06-18 12:04:55
Укмуштуу окуя Орусия Аравияны 5:0 гө утушканда эле башталган болчу!
0
keba300989
2018-06-18 12:17:56
Эң жакшы оюн болду
0
mamatkerim
2018-06-18 12:56:47
8-класста окуган кызым экообуз мелдешип мен германияга тигем десем мен биринчи тандап алдым деп мексика мага калды эле утушту алдын ала берип коеюн деп оюн бутсунчу деп туруп турдум эле аягында 2 айга единицасынан кол жууду кызым
-1
admin_superstan
2018-06-18 15:56:07
murat17,
Башка колдонуучуларды мазактап, порталдын эрежелерин кайталап бузгандыгыңыз үчүн 10 күн БАНга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан