18-июнга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "Е" тайпасынын оюндарынын алкагында Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Бразилия менен Швейцария курама командаларынын беттеши өтөт. "Ростов Арена" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат. Беттештин башкы калысы мексикалык Сесар Рамос Паласуэлос болмокчу.
23:50. Бразилия курамасынын тизмеси:
23:52. Швейцария курамасынын тизмеси:
23:53. Оюнчулар талаа үстүнө чыгып, алгач Бразилиянын гимни жаңырды.
23:55. Швейцариянын гимни жаңырып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.
00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, кызуу беттештердин бири башталды.
00:01. Виллиан эреже бузууга жол берди. Швейцариялыктар айып сокку аткарат.
00:03. Блерим Жемайли жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Бирок футболчунун соккусу дарбазадан бийик өттү.
00:04. Валон Бехрами эреже бузду. Топ бразилиялыктарда.
00:05. Виллиан оң канаттан айып аянтчага кирип келип сокку узатты. Топ дарбазага багытталган жок.
00:09. Кайрадан оң канаттан чабуулду курчуткан Виллиандын чыгарып берүүсүн коргоочулар тосуп алышты.
00:11. Паулиньо гол киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын узаткан соккусу дарбазанын жанынан өтүп кетти.
00:14. Швейцариялыктар орой ойноп Неймарды жыгылтышты. Бразилиялыктар айып соккуну аткарышат.
00:15. Неймардын айып соккусунан узаткан тобу футболчулардан түзүлгөн дубалга тийип калды. Бирок бразилиялыктар кайрадан топко ээ болуп, чабуулун улантууда.
00:16. Габриэл Жезустун чыгарып берүүсүн Янн Зоммер тосуп алды.
00:19. Го-о-л! Эсеп 1:0. Коутиньо алыскы аралыктан сокку узатып таамай болду. Зоммер топко жетишкен жок.
00:24. Жемаили өз командасына бурчтан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алып келди.
00:26. Фабиан Шер менен Фабиан Шер сүзүшүп, эки спортчу тең медициналык жардамга муктаж болууда.
00:28. Бехрами орой оюн көрсөтүп Паулиньону жыгылтты. Калыстын ышкырыгы жаңырганы менен айып кагаз көрсөтүлгөн жок.
00:30. Лихтштайнер сары айып кагазын алды.
00:33. Неймар мүмкүнчүлүккө ээ. Бирок ал офсайд абалында болуп калды.
00:38. Топ швейцариялык оюнчунун күчтүү соккусунан Тиаго Сильванын башына тийди. Бразилиялык футболчу дарыгерлердин жардамына муктаж болду.
00:42. Жака Шакириге мыкты пас чыгарып берди, бирок Шакири топко жетишпей калды.
00:45. 1-таймдын негизги убактысы соңуна жетти. Калыс 2 мүнөт кошуп берди.
00:46. Тиаго Сильва бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен дарбазага багыттады. Сильванын соккусу күчтүү болгону менен таамай болгон жок.
00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.
01:03. 2-тайм башталды.
01:05. Каземиро орой оюн көрсөтүп сары айып кагазын алды.
01:08. Го-о-о-л! Эсеп 1:1. Швейцариялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен ийгиликтүү колдонду. Жердан Шакири көтөрүп берген топту Стивен Цубер башы менен дарбазага багыттап гол киргизди.
01:11. Валон Бехрами бутунан жаракат алып калды. Оюнду уланта албайт окшойт.
01:14. Коутиньо кайрадан алыскы аралыктан сокку узатты. Топ коргоочуларга тийип бразилиялыктар топту өз карамагында сактап калышты. Чабуул уланат.
01:16. Неймар жакын арадан дарбазага сокку жасады. Бирок топ коргоочуга тийип бразилиялыктар топту бурчтан чыгарышат.
01:17. Бразилия курамасында алмаштыруу. Каземирону Фернандиньо алмаштырды.
01:22. Фабиан Шер Неймарды футболкасынан кармап токтоткону үчүн сары айып кагазын алды. Неймар айып соккуну узатат.
01:23. Неймардын соккусу таамай болбой калды. Топ коргоочуларга тийип кайрадан бразилиялыктарга кайтып келди.
01:24. Бразилиялыктарда 2-алмаштыруу. Паулиньонун ордуна талаа үстүнө Ренато Аугусто чыкты.
01:25. Кайрадан швейцариялыктар Неймарга каршы эреже бузууда. Бехрами сары айып кагазы менен жазаланды.
01:27. Коутиньо кооптуу абал жаратты. Ал Неймардын чыгарып берүүсүн тосуп алууга үлгүрүп сокку жасаган. Бирок Коутиньонун соккусу таамай болгон жок.
01:28. Швейцария курамасында оюнчулар алмашты. Денис Закария Валон Бехраминин ордуна чыкты.
01:31. Жемайли дарбазага багытталган сокку узатканга жетишти. Бирок сокку күчсүз болгондуктан Алиссон Бекер оңой эле тосуп алды.
01:34. Бразилия курамасында алмаштыруу дайындалууда. Талаа үстүнө Роберто Фермино чыгат.
01:36. Фермино Габриэл Жезустун орунда чыкты.
01:37. Кезектеги алмашуу. Харис Сеферовичтин ордуна Бреел Эмболо чыкты.
01:40. Фермино жакшы мүмкүнчүлүктү колунан чыгарып жиберди. Дарбазачы менен бетме-бет кез келип анын узаткан соккусу дарбазадан жогору өттү.
01:44. Лихтштайнер жаракат алып оюн талаасын таштоого аргасыз болду. Анын ордуна Майкл Ланг чыкты.
01:47. Фирмино коргоочулардан бийик секирип башы менен сокку узатканга үлгүрдү. Таамай багытталган соккуну Зоммер ийгиликтүү тосуп алууга үлгүрдү.
01:48. Беттештин негизги убактысы аягына келип, калыс 5 мүнөт кошту.
01:50. Миранда 20 метр алыстыктан сокку жасады. Таамай эмес!
01:52. Кайрадан кайра Швейцариянын оюнчулары Неймарга каршы орой ойноп эреже бузууда.
01:54. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш жыйынтыкталды. Эсеп 1:1.