Мехикодо таштандыга ташталган 3 тонна желимден инсталляция пайда болду

Мехикодогу ботаникалык бакта таштандыга ташталган 3 тонна желимден инсталляция пайда болду. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, даниялык сүрөтчү Томас Дамбо экологиянын тазалыгы үчүн күрөшүү максатында таштандыга ташталган желимдерди чогултуп, эс алуучу жайды кооз токойго айлантып, өзүнүн эмгегин "Келечектин токою" деп атаган. Мындай эс алуучу жайды кооздоо үчүн керектелген желимдерди сүрөтчү жана анын жардамчылары 8 аптада чогулткан.

"Адамдар таштандылар кантип иштетилерин, бул маселени ким чечерин билишпейт. Мен таштандылардан көп нерсе жасаса болорун көрсөткүм келди" деген Томас Дамбо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
maks94.kb
2018-06-18 10:04:42
Эмне деген кооздук Азамат киши экен
+7
aiturgasha
2018-06-18 10:50:19
Мелочь нерсени зеерикпей жасаган адамга рахмат. Балдар учун соонун эс ала турган жай болуп калыптыр
+6
Isco22
2018-06-18 11:45:45
Эмгек деп ушуну айт атангору
+5
Rubin
2018-06-18 12:22:14
Ал желимдерден зыяндуу заттар болунуп чыкпайт бекен?
+3
Pamirlan
2018-06-18 12:32:44
Азамат сонун болуптур
+1
nazi25
2018-06-18 14:15:40
Жакшы эле нерселерди ыргытышат экен да)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан