Калың берүү - ысырапкорчулукпу? "Мегатой 2. Калың" тасмасы тууралуу чыгармачыл топ көшөгө артында өздөрүнүн пикирин билдирди

“Мегатой 2. Калың” тасмасы көрүүчүлөргө көрсөтүлө баштаганына аз убакыт болсо дагы жакшы пикирлерге татып, көрөрмандар тарабынан жылуу кабыл алынууда. Көрүүчүлөрдүн табитине туура келген тасманын жаратуучулары борбордогу эс алуучу жайлардын биринде сый тамак уюштурду. Кечеге Кыргыздын Эл артисттеринен тарта шоу-бизнестин жаш өкүлдөрү келишти. Өздөрү роль жараткан тасма тууралуу чыгармачыл топтун айрым мүчөлөрү адис катары, көрүүчү катары өз баасын беришти.

Мурат Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти

“Кинотеатрга адамдар бир аз да болсо өздөрүн алаксытайын, көңүлүмдү ачайын деп келет. Ал үчүн, албетте, комедия жанрындагы тасмаларга келет. Азыркы режиссёрлор элдер комедияны көп көрөт деп эле эптемей кылып тарта берет. Бирок көрөрмандардын табитин таап, чыныгы комедия жараткандар деле бар. Алардын бири “Мегатой 2. Калың” тасмасы. Фильмде кыз алып, кыз берүү салтындагы кийит кийгизүү, калың маселеси көрсөтүлгөн. Ата-энелер балдарынын бактысын 3 миң доллар акча, чүпүрөк менен баалайт. А бирок азыркы жаштардын баш кошуудагы пландары такыр эле башка. Ушул ойду режиссёр күлкү менен оңой жеткире алган”.

Ырыс Жоомартова, режиссёр, актриса

“Жай турмуштагы чыныгы окуяны чагылдырган тасмалар ырасында эле жакшы бааланат. Мен деле түрдүү жанрдагы тасмаларды тарткам, бирок кинотеатрга келгендер комедияга басым жасайт. Профессионалдык көз караш менен айтканда “Мегатой 2. Калың” көрүүчүлөрдүн көңүлүнө жаккан тасма болуптур. Сүйүн Откеев - негизи мыкты режиссёр. Анткени фильмде 10дон ашуун баш каармандар менен иштешүү режиссёр үчүн оор болот. Ар бирине “азаматсың” деп шык берип, эч ким менен талашпай, тартышпай иштегендиги үчүн ушул тасманы жарата алды деп ойлойм”.

Гүлжайна Атаканова, актриса, куудул

“Мен “Мегатойду” туугандарым менен барып көрдүм. Ошондуктан тасма тууралуу пикиримди көрүүчү катары бергим келет. Мага эле эмес, мени менен барган көрүүчүлөр дагы “сонун тасма болуптур” деген баасын беришти. Режиссёр Кыргыз жергесинин булуң-бурчунда болуп жаткан окуяны 1 жарым саатта көрөрмандарга күлкү менен жеткире алыптыр. Анын үстүнө “Мегатойду” көргөндөр уландысы кандай болот деген кызыгуу менен келет экен. Көрүүчү катары ушул тасманын уландысы тартылышын күтөм”.

Эркин Эгембердиев, “Дем” театрынын актёру

“Мен “Мегатой 2. Калың” тасмасынын сценарийин жазгам. Тасмада да роль жараттым. Бирок тасма талаасында көп болгон жокмун. Өзүмдүн ролумду аткаргандан кийин кетип калчумун. Мындан улам мага да тасманын кандай тартылганы, эмне кемчиликтери бар экени кызык болду. Чынын айтсам өзүм ал тасманы көрө элекмин. Ал эми көргөндөр жакшы пикирлерин айтып жатат. Учурда мамлекет тарабынан ысырапкорчулукту токтотолу деген демилге көтөрүлүп жатпайбы. Эң негизгиси ошол демилгени колдогон, мамлекетке салым кошкон тасма болду деп айта алам”.

Сүйүн Откеев, режиссёр, продюсер

“Бул комедия менен каада-салттардагы мага жакпаган айрым учурларды чагылдыргым келди. Менин оюма каалагандар кошулат, каалабагандар кошулбайт. Эң башкысы оюмду күлкү менен жеткире алдым. Биз фильмди түндө тарттык. Түнкүсүн адамдардын иштөө эффективдүүлүгү төмөндөйт экен. Ошого карабастан аракетибизди кылып, мыкты тасма жаралышына жан үрөдүк. Ооба, тасманы мелодрама же трагедия жанрында тартсам болмок. Бирок бизде андай жанрдагы тасмалардын көрүүчүлөрү аз. Айрым көрөрмандар 3чү бөлүгү тартылабы деген суроолорду узатып жатат. Ооба, сөзсүз тартылат. Тагыраагы, чоң той менен жыйынтыкталган “Мегатой – Финал” тасмасын жаратабыз”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuri1
2018-06-18 16:54:45
Негизи жакшы фильмдерди тартса, коомдун туура онугушуно туртку болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан