Бүгүн Швеция-Түштүк Корея, Бельгия-Панама жана Тунис-Англия беттештери орун алат

Бүгүн, 18-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын алкагында 6 команданын беттеши орун алат. Мелдештин 4-күнүндө "F" жана "G" тайпаларында Швеция-Түштүк Корея, Бельгия-Панама жана Тунис-Англия курама командаларынын беттеши орун алат.

Швеция менен Түштүк Корея командаларынын беттеши "Төмөнкү Новгород" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө старт алат.

Бельгия менен Панама курамаларынын ортосундагы беттеш Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.

Тунис менен Англиянын ортосундагы беттеш "Волгоград Арена" аттуу стадиондо өтөт. Беттеш 18-июнга караган түнү саат 00:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul94
2018-06-18 14:15:42
Фаворит деш деле кыйын болуп калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан