"Назира", "Эмне мынча сүйөм сени?", "Таарынба" жана башка ырлары менен таанылган ырчы Таалай Бектурганов бүгүн, 19-июнда көзү тирүү болгондо 50 жашка толмок.
Репертуарындагы көптөгөн популярдуу чыгармалардын автору Таалай Бектурганов Чаткал районунун Ак-Таш кыштагында 1968-жылы 19-июнда төрөлгөн. Үй-бүлөдө он бир туугандын сегизинчиси болгон. Мектепте абдан жакшы окуган. Айрыкча спортко болгон кызыгуусу күч болуп, сууда мыкты сүзгөн.
7-8-класстарда атасынан комуз черткенди үйрөнүп, мектептеги иш-чараларда ырдап жүргөн. Кийин гитара черткенди өздөштүрүп, ыр чыгара баштаган. 1992-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырган. Ошондо "Эмне мынча сүйөм сени?" деген алгачкы чыгармасы хитке айланган.
Ал эми легендарлуу ырчынын балалыгы тууралуу анын бир тууган карындашы Айнура Бектурганова маектеринин биринде буларды айтып берген.
"Таалайбек чарбачыл, өжөр, чечкиндүү, эч нерседен тайманбаган, куудулдук жагы бар бала эле. Үйдү деле жыйнап, тамак деле жасай берчү. Кыздын ишин эркек жасабайт деген нерсе жок болчу анда. "Колума жугуп калмак беле?" деп жеңдерин түрүнүп алып шымаланып бат эле бүткөрүп койчу иштерди. Ата-энемди да эркелетип "алтындарым, Кудай буюрса, чоңойсом силерди багам" дечү".
Таалай Бектурганов Орусияга кетип, 1995-жылы сырдуу өлүмү менен кырчындай 27 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан. Анын артында туяк калган эмес.
19-июндун жылнаамасы.