Депутат Мыктыбек Абдылдаев: "ЖЭБдин жетекчилигине ишениш кыйын болуп калды"

16-июнда Бишкек ЖЭБинин аймагында түтүк жарылган. Анда "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы жыл сайын ысык суу өчүрүлгөндө пландык негизде текшерүү иштери жүргүзүлө турганын түшүндүргөн. Түтүктөрдүн жогорку басымга чыдамдуулугу текшерилгенин айтып, мекемеден ЖЭБде эч кандай авария болбогонун кабарлашкан. SUPER.KG порталынын чын эле атайын текшерүү иштери болгонбу деген соболуна "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев жооп берди.

Депутат ЖЭБде түтүк жарылганбы же текшерүү иштери жүргүзүлгөнбү турмуш көрсөтө турганын айтты. "ЖЭБдин жетекчилигине ишениш дагы кыйын болуп калды. Ошондуктан жарылдыбы же болбосо пландык негизде текшерүү иштери жүргүзүлгөнбү турмуш көрсөтөт, бул маселе иликтенет", - деди Абдылдаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, ЖЭБдин мурдагы башчысы Лев Васильев, эксперт Расул Умбеталиев жана жарандык активист Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан