Чүй районунда мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды
Кечээ Чүй облустук укук коргоо кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды. Чүй районуна караштуу Кызыл-Аскер айылынын 1979-жылы туулган тургуну Д.Бны текшергенде, күрмөсүнүн ичинен 1 килограмм 40 грамм баңгизат табылган. Учурда кармалган жарандын үстүнөн Кылмыш кодексинин 246-беренеси (мыйзамсыз баңгизатын сактоо) боюнча кылмыш иши козголду.